Menu

ТИМге Сапар Исаковдун көлөкөсүндө такшалган кадр келди

Бөлүшүү:

Абдылдаев өз арызы менен ТИМди таштап кеткен соң, бош орунга дипломатиялык тармакта көп тажрыйбасы жок, Японияда элчилик кызматты аркалап жаткан жаш кадр Чыңгыз Айдарбековду премьер көрсөттү эле, депутаттар баары каршы болбой, бир добуштан колдоп берди. Ал тургай англис тилин мыкты деңгээлде биле турганын текшерип, эне тилди мындай кой, англис тилинде суроо беришти. Депутат Рыскелди Момбеков Чыңгыз Айдарбековго “сен Иманалы Айдарбековдун небересимин деп жүрөсүң, ошону дагы бир жолу тастыктап бере аласыңбы?” деген суроо узатты эле, талапкер жооп бербей, “Мен сизге анан айтам” деп кутулган. Көрсө чынында эле Иманалы Айдарбековго небере эмес экен. Иманалыдан эки эле кыз калган. Чыңгыз алыскы жээндерден болот экен. Ошентип, бийликтин «Чүйдү Иманалы Айдарбековдун небересин дайындап, багындырабыз» деген стратегиясы жаңылыштык болуп чыгып калып атабы? Аликбек Жекшенкулов, Авазбек Атаханов сыяктуу дасыккан дипломаттар турса, жаш тажрыйбасыз “протокольщик” жигитти түрткөн адам, президентти “Бул Чүйдүн ханзадасы” деп ынандыра алган дешет билген кишилер. Чыңгыз азыр абакта алкымы жаман деген айып менен шектелип олтурган Сапар Исаковдун көлөкөсүндө өскөн кадр экен. Өзүнүн кол алдында иштеп жүргөндө парламентке тышкы байланыш бөлүмүнө түрткөнү айтылууда. Бийлик жаш кадрды таасирдүү орунга алып келебиз деп атып “промах” кетирип албаса эле болду.

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: