Menu

Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы суткалык жөнгө салуу бассейинин абалы менен таанышты

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июнда, Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө суткалык жөнгө салуу бассейинин абалы менен таанышты. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Айыл чаба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев маалымдагандай, Кемин районунун Совет айылындагы «Жылтыр» суткалык жөнгө салу бассейини 1984-жылы курулуп, пайдаланууга тапшырылган жана Ильичевск айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилген. Ошондон тартып, бүгүнкү күнгө чейин тазалоо жүргүзүлгөн эмес.

Аталган суткалык жөнгө салуу бассейинин реконструкциялоо менен кошумча 1000 гектар жерди суугаруу мүмкүнчүлүгү жаралат.

«Бүгүнкү күндө суткалык жөнгө салуу бассейинин пайдаланууга берүүдө олуттуу көйгөйлөр бар. Ал өзүнүн тосмо артынан суу топтоо милдетин аткарбайт. Башкача айтканда насоско келип түшкөн суу топтолбостон, сугат үчүн түз эле каналга түшөт. Суткалык жөнгө салуу бассейинин өз алдынча тазалоо үчүн жергиликтүү бийликтин каражаты жок, буга 2-2,5млн сомго жакын каражат талап кылынат», – деп билдирди департамент директору.

Өкмөт башчы аталган маселе чечилерин, зарыл каражат карала тургандыгын баса белгиледи.

Андан соң Премьер-министр Ак-Бешим айыл аймагынын Жаңы-Жол айылындагы суткалык жөнгө салуу суу бассейинин абалы менен таанышты.

Көкүмбек Таштаналиев маалымдагандай, аталган суткалык жөнгө салуу бассейини 1994-жылдан тартып дээрлик колдонулбайт. Аталган СЖБ дагы тазалоого муктаж. Бул максатта 30-35 млн со каражат талап кылынат. Анын ишке киргизилиши менен кошумча 2миң гектар жерди суугаруу мүмкүнчүлүгү жаралат.

Сооронбай Жээнбеков эскерткендей, 2013-2017-жылдары Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында өлкөнүн ирригация тутумун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат. Ал тийиштүү мамлекеттик органдарга суткалык жөнгө салуу бассейиндерин Айыл чаба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине караштуу суу чарба жана мелиорация департаментинин карамагындагы өткөрүп берүү маселесин ыкчам тартипте чечүүнү, андан кийин гана тазалоо жана реконструкциялоо иштерин баштоону тапшырды.

Ошондой эле Премьер-министр буга чейин берилген Чүй облусундагы жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүү тапшырмасынын ишке ашыруунун жүрүшүнөн маалымат алды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: