Menu

Тынчтыкбек Чоротегин: “Президенттикке 2-3 киши гана талапкер болсо, анда тандоо мүмкүнчүлүгү ошончолук азаймак”

Бөлүшүү:

-Тынчтык мырза, президенттикке талапкерлердин саны 40тан ашты, 6 жыл мурунку шайлоодо 80ге жеткен эле, талапкерлер мынчалык көп болушунун себеби эмне? Шайы бары-жогу деле талапкер болуп жатат, ушуга кандай жооп айтасыз?

-Бул эми алты жылда бир келчү аламан байге болуп жатат да. 40 аргымактын арасында кимиси чобур экени ошол ат чабыш күнү аныкталат, ага чейин ар бир аргымакты жакындары “сен гана мыктысың!” деп көкүтүп жатышат. Көкүтпөгөнүн же мындай пикирге макул эместерин ал аргымактар вздору чет жакка тээп коюуда. Эгерде 2-3 киши гана президенттикке талапкер болсо, анда тандоо мүмкүнчүлүгү ошончолук азаймак. Айрым шайы жокторун мен жакшы туюп турам, бирок ысымдарын айткым келбейт. Алар да шайлоо өнөктүгү маалында айрым жакшы идеяларды ортого салышы мүмкүн, кайсы бир талапкерлердин башкалар билбеген сапаттарын калайыкка ачыкташы деле ажеп эмес.

-Кээ бир серепчилер талапкерлердин санынын көптүгүнөн улам президенттик институттун кадыры кетти дешүүдө, ушуга кошуласызбы?

-Президенттик институттун кадыры шайлоочулар тарабынан туура эмес киши шайланып калса төмөндөйт, болжолдуу талапкерлердин санынын ага эч тиешеси жок.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: