Тажикстанда өлкө президентине акарат келтирип, интернет аркылуу мамлекеттик түзүмдү бузууга чакырык таштоого айыпталган жарандын иши тергелип бүттү.
Укук коргоо органдарындагы өз булак билдиргендей, Муминабад районунун жашоочусу Умар Муродов Орусияда иштеп жүрүп, “Одноклассниктеги” баракчасына Тажикстандагы бийликти күч менен кулатууга чакырган видео жүктөп, өлкө башчысына акарат келтирген сөздөрдү жазган.
Мигрант 12-июнда Москва-Куляб каттамы аркылуу мекенине келген кезде кармалган. Умар Муродов быйыл мартта Москвада тажик бийлигинин өтүнүчү менен кармалып, бирок жетиштүү далил жок болгондуктан бошотулган. Май айында ал мекенине кайтарын, себеби өзүн күнөөлүү деп санабай турганын билдирген. “Жергиликтүү бийлик камабайбыз деп убада беришти”, деген ал.
Өз булактар билдиргендей, Умар Муродовду күнөөсүз экенин сотто далилдөө үчүн Тажикстанга чакырышкан. Иликтөө аяктады, анын иши жакын арада сотко жөнөтүлөт.
Умардын атасы Мурод Давлатов кылмыш жасаганын билип туруп уулу Орусиядан өз эрки менен келмек эмес деп эсептейт.
Тажикстан парламенти 2016-жылы күзүндө Кылмыш кодексине толуктоолорду киргизип, “Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсүнө, Улут лидерине” эл алдында акарат келтиргендерди жоопкерчиликке тартууну колдогон. Мындай аракеттерге барган кишилерди 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ