Menu

Фото – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ФАО Өкүлү Дорджи Кинлай менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-декабрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасындагы БУУ Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү Дорджи Кинлай менен анын өлкөдөгү миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушту. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы ФАО өкүлчүлүгүнө адамдардын жашоо деңгээлин жана тамактануусун жакшыртууга, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү натыйжалуулугун камсыздоого көмөктөшүүсү, ошондой эле айыл жергесиндеги райондорду өнүктүрүүнү жана айыл тургундарынын жашоо-шартын жакшыртууну өбөлгөлөөсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр өлкөбүздөгү маанилүү долбоорлорду каржылоо жана техникалык көмөк көрсөтүү үчүн донорлордун күч-аракетин мобилизациялоодогу ФАОнун өзгөчө ролун белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев Дорджи Кинлайга мындан аркы ишиндеги ийгиликтерди каалап, аны энчилүү саат менен сыйлады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: