Menu

Кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОго каттатуу демилгеленди

Бөлүшүү:

Кечээ, 30-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргыз күрөшү федерациясынын президенти Рыскелди Шамиевди кабыл алды. Иш-чарага кыргыз күрөшү федерациясынын башкы машыктыруучусу Туратбек Тойчубеков катышты.

Алгач Рыскелди Шамиев федерациянын ишмердүүлүгү тууралуу учкай кеп кылып берди. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өткөн 3-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөшү боюнча мелдеште аталган федерациянын балбандары 7 алтын медалды камсыз кылышкан. Ошол эле маалда Кыргыз күрөшү федерациясынын бир катар өлкөлөрдө филиалдары ачылып эл аралык федерация статусуна ээ болгон. 2019-жылы тарыхта биринчи жолу кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпиондугун өткөрүү пландашырылып жатканын айткан федерация президенти Жогорку Кеңештин Төрагасынан мындай олуттуу мелдешти өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргыз күрөшү федерациясын жетектөө ары жоопкерчиликтүү иш экенине, 3-Бүткүл дүйнөлүк оюндарында жараткан ийгиликтерине токтолуп, кыргыз күрөшү федерациясынын эл аралык макам алышы менен куттуктап өттү. Ал эми 2019-жылы кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпионатын өткөрүүгө ар тараптан колдоо көрсөтөөрүн кошумчалады. Ал федерация жетекчилерине кыргыз элинин улуттук спорт оюну болгон кыргыз күрөшүн мындан ары да өнүктүрүп, жаңы-жаңы бийиктиктерди багынта берүүнү каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине каттатуу маселеси талкууланып, бул багытта жапа тырмак иш-аракеттерди көрүү боюнча сөз болду. Жогорку Кеңеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОнун тизмесине каттатууга жетишүү кыргыз элинин тарыхында чоң бир из болуп калаарына бекем ишене тургандыгын баса белгиледи.

Соңунда Төрага Дастанбек Жумабеков Кыргыз күрөшү федерациясынын президенти Рыскелди Шамиевге улуттук спорт оюндарынын бири болгон кыргыз күрөшүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Жогорку Кеңештин энчилүү саатын белек кылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: