UFCнин президенти Дэйна Уайт жеңил салмактагы мушкерлер Хабиб Нурмагомедов, Тони Фергюсон, Конор Макгрегор жана Дастин Порьенин ортосунда өзүнчө мини-турнир өткөрө турганын билдирди. Бул тууралуу “РИА Новости” кечээ, 1-декабрда жазып чыкты.
Президенттин айтымында, Макгрегор менен Дастин Порьенин мушташканы менен Фергюсон менен орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун мушташканы маанилүү.
“Мушташтын жеңүүчүлөрү дагы беттешет. Бирок, Невада штатынын спорттук комиссиясынын да пикирин билиш керек”, – деди ал.
Эскерте кетсек, мушкер Х. Нурмагомедов ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен болгон беттештен кийин уруш чыгарган. Аны бул кылыгы үчүн Невада штатынын атлетикалык комиссиясы 10-декабрда беттештен четтетиши мүмкүн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ