Menu

Сооронбай Жээнбеков Түркияда Мелис Мырзакматовго жолукканы чынбы?

Бөлүшүү:

«Президент Сооронбай Жээнбеков Турцияга болгон расмий иш сапарында, кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козголуп, 2014-жылдан бери качып жүргөн Мелис Мырзакматов менен жашыруун жолугушту.

Социалдык түйүндөрдүн колдоонуучулары жиберген маалыматтарга жана сүрөттөргө караганда жолугушуу Sheraton отелинде болгон. Жолугушууну Мырзакматов демилгелеп, Кыргызстанга кайтып келүү ниетин билдирген. өз кезегинде Жээнбеков Мырзакматовго «кош көрдүм» дедиби, же «чык эшикке» дедиби азырынча белгисиз. Ошентсе да Мырзакматов мекенге кайтып келүү үчүн миллиондогон «жашылбайларды» Жээнбековдордун капчыгына которууга даяр экенин кыйыткан» деген маалымат интернет айдынына тарады.

Бирок бул маалыматка ишенүү кыйын. Анткени Сооронбай Шарипович мындай кадамга барышы мүмкүн эмес. Өз кезегинде Мырзакматов Сооронбай мырзаны бир топ кодулаган. Айрыкча июнь коогалаңынан кийин Сооронбай Жээнбековго Ош областын башкарып отуруу кыйынга турган. Ошол кезде Мырзакматов атайын аялдардан түзүлгөн топту Сооронбай Жээнбековго карай дайыма тукуруп турганын унутууга мүмкүн эмес. Эми ошол Мырзакматов Кыргызстанга келип, Сооронбай Шариповичке жакшылык кылаары күмөн. Ошту менчигиндей көргөн Мырзакматов, Жээнбековду президент болот деп үч уктаса да түшүнө кирбеген чыгаар. Президенттин басма-сөз кызматы азырынча бул маалымат боюнча жооп бере элек.

Булак: Ачык Саясат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: