Menu

Өзбекстанда мугалимдердин укугун коргой турган кызмат түзүлөт

Бөлүшүү:

Өзбекстанда мугалимдердин укугун коргоо боюнча атайын кызмат түзүлөт. Бул тууралуу 17-июлда президент Мирзиёевдин катышуусунда жалпы орто билим системасын өнүктүрүү жана реформалоо маселелерине арналган жыйын учурунда белгилүү болду.

Иш-чарада түрдүү көзөмөл органдар тарабынан мугалимдердин ишин текшерүүнү чектөө, педагогдорду ар кыл жыйындарга жана тазалык иштерине мажбурлап тартууну токтотуу белгиленди. Ошондой эле мугалимдердин укугун коргоо боюнча атайын кызмат түзүү тапшырмасы берилди.

Өзбекстан президентинин маалымат кызматы билдиргендей, Шавкат Мирзиёев айлык акыны көтөрүүнү, педагогдордун коомдогу ролун жогорулатууну талап кылды.

Мындан тышкары жыйында билим берүү системасына маалымат-коммуникациялык технологияларды кеңири киргизүү, мектептердин рейтингин түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: