Menu

Тажикстан металлоломду кайра эриткен майда ишканаларды жабууда

Бөлүшүү:

Тажикстан бийлиги негизинен кытайлык бизнесмендерге таандык металлоломду кайра эритүүчү жеке ишканаларды жабууда. Заводдор совет доорунан калган объектилердин аймагында жайгашкан. Айрымдары калк отурукташкан жерлерде иштеп, коопсуздук техникасын сактабай, айлана-чөйрөнү булгап келген.

Ага карабай, тажик бийлиги металлды кайра эритүүчү заводдордун ишине көңүл бурган эмес. Мунун бир нече себеби бар. Биринчиден, Душанбе жана башка шаарларда арзан курулуш материалдарына, анын ичинде арматурага суроо-талап жогору болгон. Экинчиден, ишканалар жергиликтүү жашоочуларды жумуш менен камсыздаган, бюджетке болсо салык түшүп турган.

Бирок азыр экономикалык абал өзгөрүүдө. Тажикстанда ири металлургиялык комбинаттар курулууда, майда жана жеке заводдорго муктаждык жоголууда.

Тажикстан Айлана-чөйрөнү коргоо комитети билдиргендей, металл калдыктарын кайра иштеткен 25 ишкананын ичинен азыр үчөө гана калды. Бирок металл өткөргөндөрдүн саны азайгандыктан, алар дагы жакын арада жабылышы мүмкүн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: