Ысык-Ата районунда бир адам тапанча менен өзүн-өзү атып салды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Алардын айтымында, 4-сентябрда Карагай-Булак айылынын 1983-жылы туулган тургуну М.Н., өз үйүнүн сарайынан башына ок тийген жеринен табылган.
Жеринде милиция зордук-зомбулуктун, жат бирөөнүн күч колдонуусунун изин тапкан жок. Маркумдун жанында тапанча болгон. Алдын ала божомол боюнча, киши өзүн-өзү атып салган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ