Menu

ИИМдин Күзөт кызматы Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдык мааракесин белгилешти

Бөлүшүү:

ИИМдин Күзөт кызматы Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдык мааракесин белгилешти. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

КРнын ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунда 1-ноябрь Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүн 96 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Жыл сайын 1-ноябрь күнү Кыргыз милициясы өзүнүн негизделген күнүн белгилейт. Бул мааракелүү күнгө байланыштуу, КРнын ИИМдин Күзөт кызматынын түзүмдөк бөлүктөрүндө салтанаттуу иш-чаралар болуп, биринчи жана кезектеги атайын наамдар ыйгарылып, медаль, ардак грамоталар тапшырылды.

КРнын ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги милициянын генерал-майору Талантбек Исаев “Милиция кызматкери ар дайым мамлекеттин тынчтыгын, коомдук коопсуздугун, жарандардын бакубат жана тынчтыкта жашоосунун кепилдиги болуп келет. Бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктап, Сиздерге жана сиздин үй-бүлөңүздөргө бекем ден-соолук, ачык асман каалаймын” – деп өз сөзүндө белгиледи.

Салтанаттуу иш-чара өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: