Menu

“Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партиялары кайталап шайлоого катыша алышат

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңешке кайталап шайлоого “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партиялары катыша алат. Эксперт Айнура Усупбекова мунун себебин “24.kg” маалымат агенттигине түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, аталган саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө мыйзам тарабынан тыюу салынган эмес. 4-октябрдагы добуш берүүнүн жокко чыгарылышына алардын иш-аракеттери себеп болгонун укук коргоо органдары далилдей элек.

«Ошондуктан, эгерде бул партиялар БШКга катышуу жөнүндө билдирүү жөнөтсө, анда шайлоо комиссиясы аны четке кагышы же кабыл албашы мүмкүн эмес. Негиз жок ”, – деди Айнура Усупбекова.

Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам бузуу фактылары боюнча материалдарды 9-октябрда Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага жөнөткөн. Азырынча жооп жок.

Буга чейин “Реформа” партиясы аталган саясий партияларды жана “Кыргызстанды” каттоону жокко чыгаруу талабы менен Юстиция министрлигине кайрылганы маалымдалган.

Эске салсак, 5-октябрда БШК Бишкекте массалык башаламандыктардан кийин шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууга аргасыз болгон. Элдин кыжырдануусунан улам, өлкөдө бийлик алмашты. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти. Мамлекет башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаровго өттү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: