Бишкек мэриясына караштуу “Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Президент Сооронбай Жээнбековдун портрети менен ойноп жаткан тасма интернет айдыңына тарап, ал көрүнүш талкууга алынды. Кызматкерлердин бири тамашага салып, Сооронбай Жээнбековдун портрети менен кесиптешин ургулаган. Ошол учурда эки кызматкер ”Чык эшикке” деген сөздү айтышкан. Кийинчерээк Бишкек мэриясынын маалымат кызматы эки кызматкер кечирим сурап жаткан видеону жарыялады. Алар кызматтан алынабы, же алынбайбы азырынча бул маселе ачыктала элек. Ошондо президенттин портрети өкмөттүк мекемелерде минтип башка чапкан “барскан” балуп жатса, калганын элестетүү кыйын. Мамлекет башчысынын сүрөтүн мамлекеттик кызматкерлер сыйлабай, жерге-сууга сүйрөп жаткандын өзү жакшы көрүнүш эмес…
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ