Menu

ИИМ: “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмдун активдүү  лидери кармалды

Бөлүшүү:

24-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан Жалал-Абад, Чүй облустары менен Бишкек шаарындагы “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмдун активдүү лидери Жалал-Абад облусунун 41 жаштагы М.М. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ал 2018-жылдын ноябрьайынан баштап Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакциясындагы) 299-2-беренесинин 1-бөлүмүндө (Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн издөөгө алынган.

Кармоо учурунда М.М. аттуу каршылык көрсөткөн. Шектүүгө өздүк кароо жүргүзүү учурунда “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмга таандык адабияттар менен электрондук материалдар табылып алынган. Алынган адабияттар менен  электрондук материалдар далил зат катары тергөө органына өткөрүлүп берилип, тиешелүү соттук-теологиялык экпертизалар дайындалган. Кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Болжолдуу маалымат боюнча, жаран М.М. укук коргоо органдарынан жашырынып алып, Жалал-Абад, Чүй облустары менен Бишкек шаарынын аймагында “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмдун экстремисттик ишмердүүлүгүн жайылтып келген. Ошондой эле, калктын аялуу катмарына кирген жарандарды үгүттөө менен алектенип, андан сырткары республиканын аймагында экстремисттик идеологияны жайылтуу планын ишке ашырууну талкуулашкан экстремисттик көмүскө жайдын башчыларынын чогулуштарына катышып келген.

2019-жылдын 26-июнь күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан М.М. аттууга карата бир айга №1 тергөө абагына камакка алуу чечими чыкты.

Азыркы учурда тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: