Menu

БШК: Зеленский добуштардын 73 пайызына ээ болду

Бөлүшүү:

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, бюллетендердин 90% саналып бүткөндөн кийин президенттике талапкер Владимир Зеленский шайлоочулардын 73% добушуна ээ болду.

Анын атаандашы, өлкөнүн азыркы башчысы Пётр Порошенко 24,5% добушка ээ болду. Бул жыйынтыктар кечээ шайлоо бүткөндөн кийин жарыяланган Улуттук экзит-полдун маалыматтары менен дал келет.

БШК Украина президентин шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыктарын 30-апрелде жарыялоого сөз берүүдө.

Актер жана куудул Владимир Зеленский Украинанын тарыхында эң көп добуш алган биринчи президент болуп калды. Добуш берүүгө шайлоочулардын 62 пайызы келди.

​Зеленский өлкөдөгү көптөгөн аймактарда лидер аталды. Негизги колдоону 88% добуш менен ал өзү туулуп өскөн Днепропетровский облусу көрсөттү. Киев облусунда шайлоочулардын 70% Зеленскийди тандады. Порошенко Львов облусунда алдыга чыгып, 64% добуш топтоду.

Пётр Порошенко өзүнүн атаандашы Владимир Зеленскийди жеңиши менен куттуктады. Ошол эле маалда саясаттан кетпей турганын билдирип, Зеленскийге жардамын сунуштады.

АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбүгө караган түнү Владимир Зеленскийди жеңиши, украин элин тынч жана демкратиялык шайлоолору менен куттуктады.

Владимир Зеленскийди телефон аркылуу Франция жана Польша президенттери да куттукташты. Канада премьер-министри Жастин Трюдо, Европалык Кеңештин төрагасы Дональд Туск НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Зеленскийге Твиттер аркылуу куттуктоо жолдошту.

Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев Украинадагы шайлоонун жыйынтыктарына комментарий берип жатып, Киев менен Москванын мамилелерин жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: