Menu

Элди алдоодон арылсак…

Бөлүшүү:

Саясий оюндардан эл жадаса да, бийликтеги алашемдиктен арылбай келебиз. Бийликтин үч бутагы түзүлүп, алардын ортосунда тымызын тирешүүлөр акыры бийликти алсыратып бүттү көрүнөт. Бизде демократия дегенибиз башаламандыктын башатына айланган анархия сыяктанат. Мунун акыры кайрадан диктатордук режимге алып барабы? -деген коркунучтуу коңгуроо кагылып келет. Деги, элди алдоодон качан арылабыз?

Саясий-шоу өлкөдө президенттик-парламенттик башкаруу киргизилгенден башталган десек жаңылышпайбыз. Ошону менен катар бийликтин үчүнчү бутагына айланган сот системасы түзүлдү. Аты бар, заты жок бийликтин үч бутагы киргизилгени менен алардын укуктары такталып, бирок алардын аткаруучу милдеттери толук иштелип чыгарылган жок. Бийлик бутактарынын укук бузууларына бөгөт коюучу мыйзамдар толук иштелип чыкпагандыктан, өзүм билемдик жогорку деңгээлге жетти. Аларга көзөмөл жасоо процедурасы иштелип чыкпаган соң чечилүүчү маселелелер биздин функциябызга кирбейт деген «чүмбөт» алдында куру жооптор менен тил эмизүү адаттагы көрүнүшкө айланды.

Конкреттүү мисал келтирели. Учурда мамлекеттик башкаруу системасы президенттик-парламенттик башкарууга өткөнүнө бир кыйла убакыт өттү. Президенттин жана парламенттин укуктары формалдуу иштелип чыккан менен алардын милдеттери так көргөзүлгөн жок. Натыйжада, карапайым калк кайсы тарабына саясий-экономикалык, укуктук же социалдык сыяктуу көптөгөн маселелер боюнча кайрылбасын, элдин даттануулары чечилбей кала берет.

Ар бир катта президенттик корпустан “бизге жиберген катыңызды карап, жооп берүүгө тийиштүү министрликке же тергөө уюмдарына, болбосо ЖоКеге текшерүүгө жиберилди. Бул маселе биздин компенсациябызга кирбейт”, деген жооптор келсе, депутат-жепжутарларыбыз: – Урматтуу министр! Ушул катты териштирип, кат ээсине жооп берип коюңуз (???) Даттануу мынча барактан турат – деген жалбарган каттан башка маселени конкреттүү чечүү талабын коё албайт, андай бийликтин барынан-жогу эмеспи. Ушундан улам бүтпөгөн чыр-чатактарды мамлекеттик мекеме-уюмдар аркылуу эмес, үчүнчү күчтөр аркылуу чечип алууга адамдар аргасыз болуп жатпасын!?

Акүй менен Көкүйгө  элдин ишениминин өчүшүнө “кагаз жыртаар чычканга айлангандар” себепкер болуп жатат. Мындан арылуунун биздин өлкөбүздө бир гана жолу калган сыяктанат. Же бүтүндөй бийлик президенттин колуна, же премьер-министрге өткөрүлүшү керек. Экинчи тарабы иш-пландардын, буйруктардын аткарылышына көзөмөл жасоосу зарыл. Парламент бир гана мыйзамдарды жазып даярдоосу керек. Сот системасында мыйзамды бузган соттор иштен четтелип, мамлекеттик жооптуу кызматтарга алынбашы тууралуу мыйзам бекитилиши маанилүү. Ачык айталы, ансыз кайсы тармактарда реформа жүргүзүлүп жатса, ал эч качан максатына жетпейт. Бул учурдун коюп жаткан орчундуу талабы.

Булак: «13-квартал»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: