Menu

Юстиция министрлиги Абдрахмановду КСДПнын лидери катары каттады

Бөлүшүү:

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматтары өзгөрдү. Ага ылайык партиянын жетекчиси катары Сагынбек Абдрахманов көрсөтүлгөн жана партиянын жайгашкан жери (юридикалык дареги) катары Эркиндик 45 дареги жазылган.

Министрликтин басма сөз кызматы буга байланыштуу «Азаттыкка» түшүндүрмө берди. Анда 5-апрелде Абдрахмановдон КСДПнын жетекчисин, саясий кеӊештин курамын жана саясий партиянын жайгашкан жерин алмаштыруу жөнүндө маалымдама келип түшкөнү айтылат.

«Ага партиянын 3-апрелде өткөн 18-съездинин протоколунун көчүрмөсү жана жаӊы жетекчинин (Сагынбек Абдрахмановдун) паспортунун көчүрмөсү тиркелген», – деп айтылат маалыматта.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы КСДП кайра каттоодон өтпөгөнүн, болгону министрликке түшкөн арыздын негизинде айрым өзгөртүүлөр гана киргенин билдирди.

Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеп келет. Алар 3-апрелде «КСДПнын кезектеги 18-съезди» деп Бишкекте курултай өткөргөн. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева аны фейк-съезд деп атаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: