Menu

Турсунбек Акун: «Бабанов башынан эле кармашууга дарамети жетпеген, туруштук бере албаган патриот эмес экендигин көрсөттү»

Бөлүшүү:

— Саясат жактан такшалган адам муну жасабайт да, саясат жактан такшалган адам мындай кадамга барбайт да. Биринчи элдин баарын дүрбүтүп алып, коомчулуктун баарын өйдө- ылдый кылып алып, анан кайра токтотуп мындай ишке барбайт. Саясаттагы чала сабат адам гана ошондой ишке барат. Саясаттагы толук бышып жетиле элек, коркок, суу жүрөк адам ошондой кадамга барат. Өзүнүн позициясы жок, өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлоп, башка элдерди курал катары пайдаланган адам гана ушундай кадамга барат да. Ошон үчүн мен ойлойм, жанагы үчүнчү күчтөр кийгилишет, бирөөлөр пайдаланып кетет деген ал жөн эле шылтоо. Кыргызстанда эч кандай үчүнчү күч деген нерсе жок. Андыктан ал даана мажирөөлүгүн көрсөттү. Бабанов башынан эле кармашууга дарамети жетпеген, туруштук бере албаган патриот эмес экендигин көрсөттү. Ал акчанын күчү менен эле орусча айтмакчы “купи-продай” деген эле жигит да. Элдин баары көрдү ким экендигин. Ушунча ишти баштадыңбы, кел, аягына чейин чыгар. Же унчкупай эле жүрө бериш керек болчу. А бул болсо баштап алып, ана келем, мына келем деп сатып алган билетине чейин коомчулукка жарыялап көрсөтүп, анан кайра келбей калдым дегенинен кийин эми кантип ага ишенсе болот. Жакынкы күндөрү деле келбейт деп ойлойм. Анткени жүрөгү тушүп калды. 13- апрелде деле келбейт болчу. Болгону ал элди экспримент кылып реакцияларын билейин деди, бийликтин реакциясын билейин, эл мени кандай колдойт экен деди. Азыр тилекке каршы акчасы көптөр ошентип элди экспримент кылып жатышпайбы.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: