Menu

Бишкек мэриясы: Шаарды жарыктандыруу иштери кызуу улантылууда

Бөлүшүү:
«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы калаанын бардык жеринде тышкы жарыктандыруу түйүндөрүн модернизациялоо боюнча иштерди улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, монтаждык жана оңдоо иштери калаанын бардык райондорунда өткөрүлгөн.
Биринчи май району боюнча Манас проспектиси Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин чыгыш тарабы, Киев көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Раззаков көчөсүнө чейинки бөлүгү жарыктандырылган.
Октябрь району боюнча Анкара көчөсү Октябрь көчөсүнөн Субан-Ата көчөсүнө чейин жарыктандырылып, чырактар өзүн-өзү камсыз кылган изоляцияланган зымга кошулган.
Ошондой эле, Медеров көчөсү Байтик Баатыр көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин, Медеров көчөсү Байтик Баатыр көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин жарык орнотулган. Жакында №6 кичи району жарыктандырылат, №17 үйдөн №37 үйгө чейин торшердик түркүктөр үчүн 12 бетондук пайдубал түптөлгөн.
Ленин районунда Жайыл Баатыр көчөсү менен Жумамадүн Шералиев көчөлөрүнүн кесилишине жаңы кабель жана жарык берүүчү чырактар орнотулган. Терек, Островский, Тыналиев көчөлөрү, ошондой эле Ден Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилиши коопсуз болуп калды.
Свердлов районунун Жибек-Жолу проспектиси, Будённый көчөсү боюнча Салиева жана Фрунзе көчөлөрүнүн ортосунда, ошондой эле Чүй проспектиси №113 бойлой электр чубалгылары оңдолгон.
Жарыктандыруу иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: