Menu

Өзбек-түркмөн чек арасы ачылды

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Хорезм облусуна келердин алдында Түркмөнстан менен жакын жашаган тургундар үчүн өзбек-түркмөн чек арасы ачылып, визасыз үч күн коңшу өлкөдө болууга уруксат берилди. Өзбекстан төрт жыл мурун чек арасын жаап, кыска мөөнөттүү висасыз режимди токтоткон.

Жергиликтүү тургундар кабарлагандай, эки өлкө арасындагы “Шават” чек ара өткөрмө бекети 25-январда ачылган. “Азыр мурдагыдай эле биздин эл бир айда Түркмөнстанга үч күнгө барып келе алат. Бул биздин президентибиздин демилгеси менен жүзөгө ашты деп эсептейбиз”,- деди хорезмдик Мустафа аттуу жаран. Жергиликтүү бийлик бул маалыматты тастыктады.

Бул арада Шават районунун тургундарын чек арадан өтүүдө төлөй турган акча маселеси кыжалат кылууда. Алым – 8 долларды же 56 миң сумду түзөт, бул Өзбекстандагы маянанын үчтөн бир бөлүгү болуп эсептелет.

2004-жылы кол коюлган эки тараптуу келишимге ылайык, чек арага жакын жашаган Өзбекстан жана Түркмөнстан жарандары ич ара визасыз үч күнгө жүрүү укугуна ээ болгон. Буга төрт жыл мурун тыюу салынгандан кийин эки өлкө атуулдары элчиликке кайрылып, виза алып калышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: