2018-жылы мигранттар тарабынан өлкөгө 3 миллиардга жакын акча которулду. Бул тууралуу Улуттук банктын отчётунда айтылат.
Маалыматка ылайык, 2018-жылы жеке жактардын өлкөгө которгон акчасы 2 миллиард 685 миллион 400 миң долларды тузөт. Бул сумманын негизги бөлүгү, тактап айтканда, 2 миллиард 638 миллион 500 миң доллар Орусиядан которулган.
Которуулар боюнча экинчи орунда Казакстан турат. Коңшу өлкөдөн өткөн жылда 2,2 миллион доллар которулган. Калган 44 миллион 700 миң доллар КМШ өлкөлөрүнөн, Бельгия, Улуу Британия, Германия, АКШ өңдүү чет мамлекеттерден келген.
Ошондой эле өткөн жылы 543 миллион 200 миң доллар чет жакка которулган. Анын
538 миллион 200 миңи Орусияга, дагы 5 миллион доллар башка өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ