Menu

Жерүйдөн “желбектеген” Андрей Румянцев деген ким?

Бөлүшүү:

“Жерүй” алтын кенин иштетүү укугун утуп алган орусиялык “Востокгеодобыча” жоопкерчилиги чектелген коому курамына кирген “Орус Платинасы” компаниялар тобунун пресс-кызматынын жетекчиси катары өзүн тааныштырып жүргөн Андрей Румянцев деген эргул пайда болду. Кыргызстандагы орус тилдүү массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери, Игорь Шестаков өңдүү саясий серепчилер менен Бишкек шаарьшдагы кафелерде жолугушууларды уюштуруп, “Бизге улутташтар катары жардам бергиле, Кыргыз өкмөтү ар кандай оюндарды кылып Жерүйдү иштетүүгө бут тозуп жатышат. Буларга каршы турушубуз керек. Силер массалык маалымат каражаттары аркылуу бизди колдогон таасирлерди жаратып, орустар бул жерден кетип калса Жерүйүңөрдү эч ким иштете албайт” – деген сыяктуу чакырыктарды көбөйтүүнү сунуштап, “каржы маселесинен ойлонбогула, чечебиз” – деп жүргөндүгү тууралуу тар чөйрөлөрдө кеп жүрө баштады. Анан дагы бул эрендин “негизи Кыргызстан Россиянын курамына эле автономдуу республика болуп кирип алса жакшы болмок, ансыз деле биздин жардамыбыз жок бул жерде эч кандай жыльпл болбойт” – деген өңүттө, бузукулук ойлорун ар жерде каңкуулап жүргөндүгү дагы маалым боло баштады.

Ушул эле Румянцев 2018-жылдын октябрь айларында, Бишкек шаарына келип, “Альянс Алтын” компаниясынын коомчулук менен байланыш боюнча өкүлү Данияр Жаныкуловдун коштоосунда, бир катар массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жөлугуп, “силердин Икрам Илмиянов деген шоопуруңар, биздин жетекчибиз Муса Бажаевдин дачасында жашынып жашап жүргөндүгү тууралуу жазган маалыматыңар жакшы болду. Ал болбосо биздин Воробейчик деген биттин канын сыккан, бирөөнүн акчасын дагы эсептеп ашыкча чыгым кылбаган зыкымыбыздын, мени Бишкекке жиберер түрү жок. Барып келейин десем эле “сага ал жака эмне бар, тийиштүү кызматкерлер өз иштерин жасап жатышат. Сенин барууңдун зарылдыгы жок” – деп сайрайт да турат. Силер Бажаевдин дачасы тууралуу жаздыңар эле, мени “жөнө Бишкекке, барып журналистгер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биз жөнүндө жазбоолорун макулдашып кел” – деп бөйпөңдөп калыптыр. Ошол себептен, силер менин Бишкекке келүүмө жол ачтыңар, бул үчүн силерге чоң ырахмат” – дөөрүп, “бардыгыңар менен буйруса 2019-жылдын январынан баштап, атайын келишимдерди түзүп, ай сайын акча каражатын берип иштешебиз” – деген ишаратын кылып, таң калтырып кеткени бар. Анан дагы иш бөлмөбүзгө кирсе арактын жытынан чыдап тура албайсың. Кийинчерээк бул эргулдун жинди суусуз жашоосундагы бир күнү дагы өтпөй тургандыгын кулагыбыз чалды. Орусиялык компаниянын Кыргызстанга жиберген эң ишенимдүү жоокери ушул болсо, аңда компаниянын акыбалы оор эле окшойт деп ойлоп калганбыз. Ошондон бери көпчүлүгүбүз Румянцевдин берген убадасына ишенип, кызматташууга келишим күтүп эле жүргөнбүз, бирок ал куйругун карматпай качкан боюнча жок болуп кеткен.

Анан эле бул эрен, үстүбүздөгү жылдын январь айында кайрадан Бишкекте пайда болуп, социалдык тармактарда ар кандай фейктер аркылуу жүздөрүн жашырып ушак-айың таратууну кесип кылып алышкан бир катар журналист сыяктуулар менен жашыруун кафелерде чайлашып, “биз Юрий Алешин деген генерал экөөбүз орусия Президенти В.В.Путиндин 2019-жылдын март айында Бишкекке боло турган иш сапарына  даярдык көргөнү келдик. Путин бул жака келгенде сөз жок “Жерүй” маселесин көтөртөбүз. Азыр биз орусия президентинин аппаратынын тапшырмасы менен Кыргызстандагы саясий абалга анализ жүргүзөбүз” – деп, өзүн “агент 007” көрсөтүп, аталган фейктердин алдына айлык катары 30-50 миң сомдон акча каражатын таркатып кеткендигин эшиттик. Ушундан улам, “эмне Орусия Президентинин Кыргызстанга иш сапарын Жерүйдү иштеткен компаниянын өкүлдөрү жүргүзүп калганбы, эмне себептен журналисттерге тандоо жолу менен акча каражаты таркатылып жатат?” – деген суроолор өзүнөн өзү пайда болот. Же чындап эле бул Румянцев деген өзү айтып жүргөндөй, орусиянын атайын кызматынын өкүлү болсо, анда эмне Жерүйдү орусиянын атайын кызматы (ФСБ) сатып алганбы? Болбосо, бул Жерүйдү иштетүү укугун утуп алган компаниянын кызматкерлери Юрий Алешин менен Румянцевдин Путиндин келүүсүнө, орус-кыргыз кызматташтыгына, эмне тиешелери бар? Деги 100 тонна алтыны бар Жерүйдү ким сатып алган? Айтор Румянцевдин ар бир келүүсү менен ушуга окшогон жоопсуз суроолор көбөйүүдө. Эгерде ар бир кен иштеткен чет өлкөлүк ишканалардын кызматкерлери Кыргызстанга келип алып, минтип өлкөнүн ички-тышкы саясатына кийлигишип, массалык-маалымат каражаттарына тандоо менен мамиле кылып, түшүнүксүз, бузукулук иштерди жүргүзө берсе, бизге мындай инвесторлордун кереги барбы деген суроо туулат. Биздеги маалыматтар боюнча Юрий Алешин деген мырза болсо 2008-жылдан бери Кыргызстанга байма-бай каттап турат экен. Убагында Атамбаевдин жакын досу болуп эшигин тээп кирип чыкчулардан болгон дейт. Анан Атамбаев досу кызматтан кеткенден кийин ага жогору жактагылардын эшиги жабылып кыйналып жүрөт экен. Азыркы учурда “Жерүй боюнча сүйлөшөт элем” – деп, ажобуз Сооронбай Жээнбековго кире албай, Атамбаевдин убагындагы жогорку бийликте жүрүшкөн эски досторун ортого салып кыйналып жүргөн чагы. Бирок, бул мырза азыр Кыргызстанга Атамбаевден айырмаланып намыстуу, абийирдүү, Кыргыз деп күйгөн Эл уулу ажо бөлуп келгендигин али түшүнө элек окшойт. Демек, Атамбаевдин убагындагыдай саясий оюндар эми өтпөйт. Биздин божомолдор боюнча “Жерүй” алтын кенинде Кыргызстандын бир дагы пайыз үлүшүнүн жоктугу дагы ушул Алешин мырза менен Атамбевдин ортосундагы чечилген маселе болсо керек. Биз бул үлүш маселесине Ажобуз Сооронбай Жээнбеков жакшылап көңүл буруп, Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын коргоого алат деп терең ишенебиз. Ал эми “Жерүй” алтын кенин иштетип жаткан “Орус Платинасы” компаниялар тобунун жетекчилиги бул Румянцев, Алешин өңдүү ээн ооз кызматкерлеринин чындыгында ким экендигин, түз аткара турган милдеттери кайсылар экендигин эл алдында ачыктап, тактап койбосо иштин арты чатакка айланып кетчүдөй го.

Кадырбек Алтымышов

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: