Menu

Видео – Өмүрбек Бакиров, КСДПчы депутат: “Атамбаев өзү “Ууру түрмөдө олтуруш керек!” деп көп айтчу, эми аларды олтургузуп, кустуруп, сырткы карызыбызды төлөшүбүз керек”

Бөлүшүү:

Биздин мурдагы бийликтин туу чокусунда уюшкан кылмыштуу топ түзүлүп, өздөрүнүн кызыкчылыгында коррупциялык кылмыштарды ишке ашыргандыгын бүгүн укук коргоо органдары тастыктап турат. Азыркы президентибиз адилеттүү болбосо мурунку бийликтин коррупциялык иштери ачыкка чыкмак эмес, жашырып-жаап коюшмак. Азыркы президентибиз адилеттүү болгону үчүн мындай коррупциялык иштер биринин артынан бири ачыкка чыгып атат.  Укук коргоо органдары бул кылмыштарды иликтөөсүнө жол ачты”, – деп билдирди депутат Өмүрбек Бакиров 14-февралда Жогорку Кеңештин Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияны талкуулаган отурумунда.

“Мурунку бийликтин туу чокусунда олтурган уюшулган кылмыштуу топту укук коргоо органдары катуу жазалабаса ал вирус сыяктуу кийинки бийликке да жугуп кете берет.Бүгүн ошолордун жазасын берип, калган бийлик бутактарына сабак кылып, эл-журтка көрсөтүш керек. Булар массалык-маалымат каражаттары аркылуу күндө өздөрүн актаганга аракет кылып жатышат. “Ууру тойгончо уурдап, өлгөнчө карганат” дегендей. Уурдап жыйнаган акчалары менен массалык-маалымат каражаттары аркылуу актанып, митингдерди уюштуруп жатышат. Өздөрүнүн айыбын башка бирөөлөргө оодарганга аракет кылып жатышат. Булар 7 миллиард 700 млн сом же 111 млн доллар уурдашыптыр, ал эми карапайым эл бир жумада 5 миң сом таба албай, гемодиализ ала албай тагдырына моюн сунуп жатышат. Андыктан буларды олтургуза турган жерге олтургузуп, кустура турган жерге кустуруп, мамлекеттин карыздарын төлөтүш керек. Бүгүн ар бир кыргыз жаранынын мойнунда 800 доллардан карызы бар. Мурдагы бийликтин башында турган адам жана 5-6 топ акчаны бөлүп кетсе, карапайым элдин мойнуна илинсе, бул туура эмес. Мурдагы президент өзү “Вор должен сидет в тюрме!” дегендей бүгүн уурулар түрмөдө олтуруш керек. Эртең 3-окууда экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам кабыл алынса, мына ушул маселени чечип, олтургузуп-кустуруп биздин мамлекеттин карызын төлөп беришибиз керек. Карапайым элдин чөнтөгүнөн биз эч качан албашыбыз керек”, – деди депутат Өмүрбек Бакиров.

Булак: KyrgyzToday

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: