Menu

Трамп ЕБны ИМ тобунун катарында согушкан жарандарын кайтарып алууга чакырды

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп Британия, Франция жана Германияны америкалык аскерлерди туткунга алган “Ислам мамлекети” тобунун 800дөн ашуун мүчөсүн артка кайтарып, жоопко тартууга чакырды.

Трамптын айтымында, эгер бул иш жасалбаса, АКШ колго түшкөн жоочуларды бошотууга аргасыз болот жана алар Европага кайтышы ыктымал. Акүйдүн башчысынын билдирүүсүндө колго түшкөн аскерлер кайсы өлкөнүн жарандары экени айтылбайт. Буга чейин ИМ тобунун катарында Европа Биримдигине кирген мамлекеттердин жүздөгөн жарандары согушуп жүргөнү маалымдалган. Атайын кызматтардын ырасташынча, террордук топ Ирак жана Сирияда көзөмөлүн жоготкондон кийин алардын бир бөлүгү Европага кайткан.

Трамптын айтымында, “халифат уроонун алдында”, бул жагдайда АКШ акырындык менен Сириядагы аскерлерин чыгарып кетет.

Күн мурун АКШ колдогон Сириянын демократиялык күчтөрү өлкөдө ИМ тобунун көзөмөлүндөгү бир гана калктуу конуш калганын жарыялаган. Бир нече жыл мурун “Ислам мамлекети” террордук тобу Сирия жана Ирактагы аймактардын басымдуу бөлүгүн кармап турган.

Ошол эле маалда АКШ, Орусия жана Түркия аскерлери 2016-2018-жылдар аралыгында ИМ тобун жеңишкенин бир нече жолу жарыялашкан, бирок уруш азыркыга чейин уланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: