Menu

Видео – Рада Түмөнбаева, ЖК депутаты: “Бир эле Бишкек ТЭЦинен $111 млн уурдалыптыр, эми акыркы 4 жылда ратификацияланган 49 келишимди да тыкыр текшерип чыгалы”

Бөлүшүү:

“Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек ТЭЦинен 111 млн доллар уурдалган, демек биз ошол суммага карыз болуп жатабыз. Эми күнөөлүүлөрдү камасак да, соттосок да ал акчаны кайра ордуна коё албайбыз. Ошон үчүн акыркы 4 жылдын ичинде биздин Жогорку Кеңештен ратификацияланган 49 келишимдин баарын инвентаризация кылып чыгалы”,  – деп билдирди депутат Рада Түмөнбаева 14-февралдагы парламенттин Бишкек ТЭЦиндеги коррупцияны талкуулаган отурумунда.

“Ал келишимдер боюнча мамлекеттик сатып алуулар кандай болуп жатат,  жогорулатылган  баалар болбой жатабы ошонун баарын азыр текшерип чыгалы. ТЭЦтен азыр 111 млн доллар биздин элдин мойнуна илинип жатат. Жөнөкөй эле карапайым жаран ал карыздарды төлөйт. Биз “Кытай муну туура эмес кылды” деп Кытайды күнөөлөп жатабыз, бирок, ал туура эмес. Алар бизге жардам берип жатат. Даяр алып келген акчаны биздин аткаминерлер өз орду менен иштете албай, уят болуп жатабыз. Ошонун негизинде мен сунуш берет элем, кайсы министрлик көп кредит алып жаткан болсо ошол министрликтерди текшергиле. Жакында эле Транспорт министринин орун басары “откат” – чоң пара менен кармалды. Ар бир кредитте “откат” бар деп айтышат. Эл ойлойт мунун баарын депутаттар, кечиресиздер, “жепжутаттар” жеп атышат деп. Силер акчаны кайсы жерде, кимдер жеп жатканын так айтышыңар керек. Биз келишимди ратификация гана кылып беребиз. Туура эмес иштеткендер жазасын көрсүн”, – деди Рада Түмөнбаева.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: