Menu

Курсан Асановдун мурдагы аялына Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча комиссиянын тизмесине кирүүгө сунуш түшкөнбү?

Бөлүшүү:

Айрым жергиликтүү ММКлар “ИИМ министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун мурдагы аялы Жыпара Баргибаевага Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча комиссиянын тизмесине кирүү боюнча сунуш түшүптүр” деп жазып чыгышкан.

Мындай маалыматты уккан комиссиянын мүчөлөрү чок баскандай чочуп, четке кагышты. Алар андай болууга такыр мүмкүн эместигин, эч кимден эч кандай сунуш түшпөгөнүн айтышты.

Эскерте кетсек, мамлекеттик комиссия 29-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен түзүлүп, 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяны тыкыр изилдеп, иликтөөгө бир ай убакыт берилген. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген. Алар УКМК, ИИМ, Аскер прокуратурасынын жетекчилерин жана Кой-Ташта катышкан көрүнүктүү адамдарды сурап бүтүштү. Жогорку Кеңештин депутаттары, КСДПнын мүчөлөрү Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина жыйынга үч жолу чакырылып, барбай жүрүшөт. Аталган комиссия 26-сентябрда кезектеги жыйынын Чүй облустук администрациясында өткөргөн. Ага жалаң Атамбаевдин мурдагы кайын энеси баш болгон тарапташтары барып алып, маселеден тышкары нерсени айтып ажылдашкан. Комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова үч саат бекер эле убакыт кеткенин айтып, кейиген.

Ал эми Курсан Асанов жөнүндө айта кетсек, 13-августта премьер-министр М.Абылгазиев Курсан Асановду кызматтан алган. Ага «7-8-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деп ИИМ ички иликтөө кызматынын чыгарган чечими себеп болгон. Анын баш коргоо чарасы 27-августта Биринчи Май райондук сотунда каралып, 13-октябрга чейин үй камагына алынган. ИИМ ички тергөө жүргүзүп, документтер Аскер прокуратурасына берилип, өзүнчө иш ачылган. Жалпысынан ага төрт кылмыш иши козголгон.

Кыязы айрым маалымат каражаттары Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия менен өз алдынча түзулгөн коомдук комиссияны чаташтырып жаткандай.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: