Menu

Видео – Зиядин Жамалдинов, ЖК депутаты: “Датка-Кемин” жана Түштүк-түндүк альтернативалуу жолунун курулушундагы коррупция боюнча иликтөө качан башталат?”

Бөлүшүү:

“Бишкек ТЭЦи оңдолгондон кийин мурунку эски буу казандары кайда, сатылдыбы?” – деп сурады өкмөт мүчөлөрүнөн депутат Зиядин Жамалдинов 14-февралдагы парламенттин Бишкек ТЭЦиндеги коррупцияны талкуулаган отурумунда.

“Жок, ошол ТЭЦтин эле территориясында металлалом болуп жатат, 50-60 жыл иштеп, жараксыз болуп калган да ” – деген жооп алды.

“Укук коргоо органдарына айткым келет, ТЭЦтеги коррупцияны ушул, Жогорку Кеңештин депутаттар комиссия түзүп, иликтеп, анан укук коргоо органдарына тапшыргандан кийин анан тергөөгө алдыңыздар да. Мындай жол менен курулган башка объектилер дагы бар да, эмне үчүн ошол объектилерди текшерип баштабай жатасыздар? Мисалы Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы подстанциянын курулушу, Түштүк-түндүк альтернативдүү жолдун курулушунда коррупция ачык эле көрүнүп турат, узундугу 433 км, баасы 846 млн доллар, мындайча айтканда ар бир километр жол 2 млн долларга курулуп жатат. Буларды да биз депутаттык комиссия түзүп, иликтеп алып чыгып, анан силерге өткөрүп беришибиз керекпи? Анан гана силер текшерип, тергөө жүргүзөсүңөрбү? “ –  деп сурады депутат Зиядин Жамалдинов генпрокурор Өткүрбек Жамшитовдон.

“Биз Жогорку Кеңештин тапшырмасы менен Бишкек ТЭЦиндеги коррупция боюнча ишти тергеп бүтүп, сотко ашырдык. Эми сиз айткан Датка-Кемин, Түштүк-түндүк альтернативалуу жол жана башка объектилер боюнча иликтөөнү баштадык. Алардын баарын аягына чыгарабыз”, – деп жооп берди генпрокурор.

“Бүгүнкү күндө Бишкек ТЭЦине Казакстандан көмүрдүн 1 тоннасын канчадан аласыңар?”- деп такыды Зиядин Жамалдинов.

“Бир тоннасын 3500 сомдон алабыз, Шабыркүл деген сортун”- деген жооп болду.

“Ал кандай сорттогу көмүр?” – деген суроосуна депутат так жооп алалбады. “Мендеги маалымат боюнча силер жогорку сорттогу көмүрдү 1 тоннасын 3500 сомдон кымбат аласыңар, ал көмүрдү алып келип, кайра майдалап, анан жагасыңар. Майдалаганга дагы кошумча чыгаша кетет. Силер эмне үчүн ошол эле Шабыркүлдүн майдасын албайсыңар? Майдасынын баасы да арзан. Азыр жаңы жетекчилер келдиңер, бирок, мурдагы эле эски жетекчилердин ишин улантып жатасыңар”, – деп зекиди Зиядин Жамалдинов.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: