Menu

Кайып Шер, Апрель баатыры: “Атамбаев Жээнбековдун сабырдуу экенине сүйүнүшү керек, өзүнө окшогон оргу-баргы болгондо шору шорподой кайнамак”

Бөлүшүү:

— Кайып мырза, сиз неге 17-мартта Атамбаев “Форумда” уюштурган митингге барган жоксуз? Элдин алдында жүрчү эмес белеңиз?

— Атамбаевди ээрчий турган келесөө эмесмин да. Атамбаевдин 17-мартта сүйлөгөн сөзү, 17 жыл мурун эл-жер үчүн өз өмүрүн аябаган азаматтардын арбагына шек келтирип, аларды пайдаланып, арбактарды жамынып, өзүнүн өксүктөрүн айтып алганы акыл-эси жайында адамдын кыла турган ишиби? Жаз келгенде көп оорулар козгой баштайт. Атамбаевдин да кыйкырып коймой адаты бар эмеспи, ошонусу кармады окшойт. Эл шайлаган президентти “Мен сени Кара-Кулжадан алып келгем” деп атайын кыргызды түндүк-түштүк кылып бөлгүсү келгени ачык көрүндү. Сооронбай Жээнбеков Кара-Кулжадан Атамбаев алып келчү буюм беле? Ал Атамбаевсиз эле депутат болуп шайланып келбеди беле. Депутаттарды “чимкириксиңер” деп атады. 10 граммдык стаканым бар деген “запойдон” жаңы эле соолуккан кишинин айткан сөзү. Ушинтип тантый турганын билгем, анын сөзүн уккандан көрө үйдө бир көчөт олтургузсам пайдалуу мага.

— 2005-жылы Ак үйдөн 300 автомат жоголгон деп айттыңыз эле. Чоо-жайын түшүндүрсөңүз эми?

— 24-мартта Абдил Сегизбаев Ак үйдө коньяк ичип олтуруп элдин толпасында калган. Балдар ошондо акесин тааныткан. Мен Ак үйдүн биринчи кабатына старший болгом да. Балдарга Сегизбаевди үйүнө жеткизип койгула деп айтканбыз. Балдар үйүнө жеткизип баратканда, Абдил “Ак үйдүн жер төлөөсүндө 300 автомат калды” деп айтыптыр. Ак үйдөн эң акыркы болуп Акаевдин балдызы чыккан деп айтышат. Ошол жер төлөөнүн эшигин ачып койсо керек. Балдар Сегизбаев айткан автомат тууралуу раматылык Шаботоевге келип айтышат. Шаботоев Ак үйдө комендант болчу. Балдардан 300 автоматты Шаботоев алып кеткен деп айтканын уккам. Өмүрү кыска экен, Шаботоев каза болуп калды. Ал Атамбаевдин тегерегинде жүрчү. Мен билгенден Бакиевдин бийлиги 300 автоматты таба албай кеткен. Элде ошол 300 автомат Атамбаевдин “Форумунда” болуп жүрбөсүн деген шектенүүлөр дагы бар. Калыстык үчүн “Форумда” дагы тинтүү иштерин жүргүзүп койсо туура болмок. Шектенүүлөргө жооп болмок.

— КСДП ит болду деп айтып жатпайсызбы. Бул партия “Алга Кыргызстан”, “Ак жол” сыяктуу күм-жам болгону калдыбы?

— Акаев менен Бакиевдин партияларынын уяты бар экен. Лидерлери менен кошо жок болду. КСДП партиясынын элди будуң-чаң кылып, биринин боорун бири тытканы жакшылык алып келбейт. Элдин кыжырын кайнатууда. Атамбаевдин жоро-жолдоштору, жөөкөрлөрү уурдаган акчалардын изин жашырыш үчүн элдин көңүлүн КСДПнын талаш-тартышына буруп жатышат. Булар эл-журтка көп зыянды алып келишти. “Алга Кыргызстан”, “Ак жол” партиялары сыяктуу эле жок болушу керек. Болбосо өздөрүнүн ычкырына асылып алса жакшы болмок. Өздөрүн сүттөн ак кылып көрсөтөрдөн мурун, курун мойнуна салып, ит болдук, колубуз булганып калды, майрык экенибизди мойнубузга алдык деп, 120 “чимкириктин” алдында өздөрү биринчи чимкиригин тартып алса болот болчу Атамбаев баш болуп. Бул шордуу эмнелерди гана кылбады. Коомчулук өз баасын бериши керек. Кыргызстандагы куу кишилердин сап башында Атамбаев турат. Уурдалган жүз миллиондогон долларды жаап-жашырыш үчүн атайлап будуң-чаң жасаганга баратат. Путиндин келе турган маалында батышчыл саясатчыларды сүйлөтүп коюп, “Колдобосоңор батыш менен иш кылам” дегендей түр көрсөтүп жатат.

— Сиз эмне үчүн Атамбаевди “самозванец” деп айтып келесиз?

— “Самозванец” болсо ошентип айтам да. Атамбаев 7-апрелде аянтта балдар окко учуп жатканда, үйүндө душка түшүп жаткан. Жуунуп, тазаланып, качан бийлик элдин колуна өткөндө пайда боло калганын башкалар билбесе, мен билем. Бул накта “самозванец”. 2011-жылга чейин Өкмөт башчы болуп туруп отчёт бергенге дарамети жетпеди. Өлкөнү азап-тозокко салып алып, бүгүн болсо өнүккөн өлкөнү калтырдым деп айтканда башка жак менен күлөсүң да. Азыркы президент ыймандуу, ар бир иште жети өлчөп чечим кабыл алган, токтоо экенине Атамбаев сүйүнүшү керек. Атамбаевдин ийрисин колко кылбай эле түздөп келатат. Өзүнө окшогон оргу-баргы адам болуп калганда, эбак эле шорун шорподой кайнатып салмак.

Маектешкен: К.Тагаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: