Menu

Алгачкы «кыргызча» электровелосипед

Бөлүшүү:

Муратбек Султанбековдун кесиби дарыгер, үйүндө бош отурбай ойлоп табуучулук менен да алектенип келет. 46 жаштагы Бишкектин тургуну электр энергиясы менен иштеген велосипедди үй шартында, колунда бар буюмдар менен эле жасап алган.

Жаңы нерселерди ойлоп таап ишке ашыруу баарынын эле колунан келээрин, болгону аракет керек экендигин айткан Султанбеков менен электровелосипдедди кантип жана эмне максатта жасагандыгы тууралуу баарлаштык.

Муратбек мырза, өз кесибиңиз дарыгер экен. А ойлоп табуучулукка, техникага мурдатан эле жакын белеңиз?

Жок, мен мурда мындай талантым бар экендигин билчү да эмесмин. Бул нерсеге кийин гана интернеттен ар түрдүү нерселерди ойлоп тапкан жөнөкөй адамдарды көрүп жатып кызыгуум артты.  Ушундай таланттуу адамдарды эмнеге эч ким билбейт, көңүл бурбайт деп ар дайым ойлончумун. Анан бир чети намыстанып да кеттим. Башкалар жасаган нерселер кыргыздын колунан келбейби деп. Алар менен таанышып, сүйлөшүп баштагандан кийин мен деле жасасам болот экен деп ишке өттүм.

Ал эми электровелосипедди ойлоп табууга эмне түрткү болду?

Негизи эле көп адамдарда ойлоп табуучулук талант бар. Бирок аракет жок болгондуктан ойлогон нерселери ишке ашпай калат. Себеби  биз бул же тигил жактан жардам жок деп отура беребиз. Өзүбүз аракет кылбасак, өлкөбүз эч качан өнүкпөстүгүн билбейбиз. Анан мен көргөн нерселериме шыктанып эле олтуруп калбастан иш жүзүнө ашырайын деп чечтим. Негизи бир нерсени ойлоп табуу оңой эле, бирок эң башкысы ошой нерсени жасай билүү. Мен велосипедди жасап жатып, ушул нерсени жакшы түшүндүм.  Анткени кагаз жүзүндө аябай сонун велосипеддердин идеясы келчү. Ошондуктан башкаларга бир аз да болсо үлгү болоюн деп чечтим. Бирөөдөн жардам күтпөй эле бардык нерсени керектүү шарттардын ичинде өзүң жасай алганга мүмкүн экендигин көрсөткүм келди. Менин максатым элге таанылуу же дүйнөнү кыдырып рекорд коюу эмес. Айрыкча жаш балдар мени көрүп убактысын бошко кетирбей, пайдалуу иштерди жасоого умтулса деген тилек.

Бул велосипедди кантип, эмнелерди колдонуп жасадыңыз?

img_4411

Электровелосипедди жасоодогу башкы максатым, карапайым калктын шартына, чөнтөгүнө туура келген буюмдарды колдонуп жасоо болчу. Ошондуктан колдо бар, табууга оңой жана арзан буюмдарды колдондум. Мисалы, «Москвичтин» рессораларын базардан эле таптым. Бир велосипед үчүн бешөө керек болсо, баары биригип эки миң сомду түздү. Булар биринчиден жеңил жана ичке. Эң негизги аспаптары — бул мотор жана батареясы. Мотор Хорватиядан келген стандарттык мотор. Ал жерде Кытайда жасалган моторлорду Европага ыңгайлаштырып жасашат экен. Мунун колдонулганы 450, жаңысы 700 доллардын тегерегинде. Ал эми батареяны кантип жасоону билбегендиктен электронщиктерге атайын буйрутма бергем. Бул 220 вольттук батареялар 2 сааттын ичинде толуп,120 км.ге чейин жүрө алат. Арткы эки дөңгөлөгү атайын тоо-ташка ыңгайлуу болгондуктан  7 миң сом. Бирок шаар ичинде айдайм дегендер арзанын  эле тапса болот. Ал эми калган майда аспаптардын көбү 500 сомго да жетпейт.

Өзгөчөлүктөрү эмнеде?

Электр энергиясы менен жүргөндөн сырткары, ийилчээк рессоралар колдонулгандыктан тоо-ташта жүрүүгө ыңгайлуу. Себеби аңтарылып кетүү коркунучу жок. Ошондой эле коркунучтуу бурулуштарда да оңой бурулат. 150-200 кг  жүк көтөрүп, оңой менен сынып калбайт. Ошондой эле булл нерсени дагы өнүктүрүп, спорттук, жүк ташуучу түрлөрүн жасаса болот.

Жасоо оңой эле болдубу? Айтайын дегеним жөнөкөй адамдар да үй шартында жасаса болобу?

Албетте, каалаган бардык эле адамдар жасай алат. Мен өзүм догдур болуп, инженер-конструкторлуктан эч түшүнүгүм жок болгондугуна карабастан жасай алдым. Бир аз аракет болсо эле жетиштүү. Мисалы, мен болушунча кыска убакыттын ичинде жана профессионалдардан жардам албай жасайм деп өзүмө убада берген элем. Ошон үчүн баштан-аяк жалаң гана жөнөкөй адамдар менен иштедим. Эң чоң жардамчым кичинекей уулум болду. Себеби  завод-фабрикаларга же атайын адистерге акча берип жасатып коюу оңой эле. Ал бардыгынын колунан келет. Бул велосипедди жасоодо эч кандай чийимдер, жада калса сызгыч да колдонгон эмесмин. Баарын көз ченем менен жасагам. Жөнөкөй уста, ширетүүчү, электриктер менен иштештим.

Шаар ичинде колдонууга ыңгайлуу элеби жана табылгаңызды элге жайылтайын деген оюңуз барбы?

Шаар ичинде колдонгонго абдан ыңгайлуу. Биринчиден экологоияга эч кандай зыян келтирбейт. Саатына 80 км ылдамдыкта жүрө алат. Үйдөн эле энергиясын толтуруп айдап жүрө берсе болот. Ошондой эле коомдук жана социалдык кызматкерлер жумушун аткаруу үчүн колдоно алат. Мисалы, почточулар, участкалык милициялар, коммуналдык текшерүүчүлөр. Бул буюмду паттентеп алгым да келбейт. Менден кыргыз элине белек болсо, дагы көбүрөөк адамдар колдоно баштаса, мен үчүн чоң жетишкендик.

Элге көбүрөөк таанытуу  үчүн кандай иш-чара өткөрөйүн деп жатасыз?img_4419

Эң биринчи жана башкы максатым — электровелосипед менен июнь айында коңшулаш өлкөлөрдү кыдыруу. Бишкек — Алматы- Астана — Минск — Ереван — Москвага сапар тартайын деп турам. Ага чейин өлкөбүздүн бир катар областтарын кыдырып, ал жерлерден да кызыккан адамдарды топтоп, аларга жардам берүүнү ойлонуп жатам. Себеби бизде таланттуу адамдар көп, болгону аларды ойготуп, жол таап берүү керек. Ошондой эле жакында электровелосипеддин ачылышын жасайм. Ал жерге бардык каалоочулар келип, муну жасоодо мага жардам берген адамдар менен тааныша алышат. Каалагандар мага келсе, үй шартында жасоонун шарттарын ийне-жибине чейин колумдан келишинче үйрөтөм.

Коңшулаш өлкөлөрдү кыдырууга техникалык жана каражат жагынан даярсызбы?

Техникалык тараптан даярмын. Болгону велосипедди сырдап, кооздук берип гана коюу керек. Жол бою жанымда 5-6 кошумча батареялар болот. Казакстандык шамалдан энергия алуучу генератор ойлоп тапкан бирөө менен танышкам. Ал мага аппаратын жөнөткөн. Мени ошол энергия берүүчү генераторду сүйрөп бир унаа коштоп жүрөт. Энергиясы түгөнгөн батареяларды улам алмаштырып турабыз. Ал эми каражат жагынан азыр демөөрчүлөрдү издөөдөмүн. Себеби мен жаныма журналист, фотограф, блоггерлерди алууну пландап жатам. Максатым — барган өлкөлөрүбүз тууралуу кыргыз элине маалымат берүү жана аларга Кыргызстанды таанытуу. Ошондой эле каалоочулар болсо кошумча электромобилдерди жасап, тайпа болуп чыгып кетебиз. Алардын тамак-ашы, жаткан жерине акча керек. Себеби 60 күн жолдо жүрөбүз. Бирок демөөрчүлөр табылбай калса, жалгыз өзүм чыга берем. Себеби мага электр энергиясы болсо, ошол эле жетишет.

Кызыгып сизге кайрылгандар болуп жатабы?

Мен ар бир жаңылыгымды интернетке бөлүшүп турам. Ал жерден көрүп айрыкча Казакстан жана Орусиядан көп кайрылышат. Арасында жардам сураганы же мага кеңеш бергендери бар. Алардын ичинен аз убакытка болсо да сапарга чыканымда мага кошула тургандар бар. Шаар ичинде айдап калсам, ар дайым айланамды ондогон адамдар тороп, аябай кызыгышат. Минип, байкап көрүп, баары эле жасоонун оңой экендигине ынанып калышат.

Азат Акаев

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: