Menu

Орусияда ондогон тажик мигранттары кармалды

Бөлүшүү:

Тажикстандын миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгү “Москва” соода борборунда тажик мигрантынын өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалыматты четке какты. Мекемеден билдиришкендей, 27 жаштагы тажикстандык жаран ооруканада жатат.

Тажикстандын миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгү мигрант тирүү экенин, ооруканада дарыланып жатканын айтып, ММКларды такталбаган маалыматтарды жарыялабоого чакырды.

Орусиялык ММКлар 20-сентябрда тажик мигранттары жапырт кармалганын маалымдашкан. Ага караганда, Тажикстандан келген эмгек мигранты Москвадагы соода түйүнүнүн ижара акысын төлөбөй койгон. Соода борбордун күзөт кызматы полиция чакыруунун ордуна бул маселени күч менен чечүү жолун тандаган.

Күзөтчүлөрдүн аракети олуттуу кесепеттерге алып келген. Жаалданган мигранттар каршылык акциясын өткөрүшкөн. Ага 200дөн ашуун киши келип, күзөтчүлөр менен жекеме-жеке сүйлөшүүнү талап кылышкан. Полиция ондогон мигранттарды кармап кеткен.

Тажикстандын миграция кызматы кармалган жарандары тууралуу маалымат кийинчерээк берилерин айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: