Төрдөгү төбөлдөр бакыт кушу конуп, багы ачылган чиновниктер. Бул жылы кээ бир аткаминерлер кызматынан кол жууса, ошол эле учурда башкалардын ити чөп жеп, ыргыткан ташы өйдө кулап, майлуу кызматтарды басып жыгылышты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоодон кийин кызматтан кетти. Анын аталган кызматтан кетишине СДПК партиясынын курултайында президенттикке өзүнүн талапкерлигин коё тургандыгын ачык билдиргендиги себеп болду. Шайлоо учурунда дагы СДПК көрсөткөн талапкерге жан тартпастан четтен карап туруп алганы да партиялаштарына жага бербеди. Чыке президент болмокчумун деп оолугуп, СДПК «боссу» Алмазбек Атамбаевдин кыжырына тийип алды. Ачуусу келген партбосс заматта эле Чыкени ордунан өз каалоосу менен кош айттырып койбодубу.
Эгер партия кимди көрсөтсө, мен деле ошого макулмун деп олтура бергенде спикерлик орунда көпкө олтурмак. «Босстун» кыжырына тийгендер саясий аренадан сүрүлүп чыгып калып жатпайбы. Чыныбай Акуновичтин мындан кийинки саясий карьерасы туңгуюкка кептелди. СДПКнын тизмесинен чийилип кала турган болсо, өз алдынча лидер болуп, азыркы «шефтерине» каршы турушу керек болот.
Булак: Жаны Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ