Menu

Кинорежиссер Ырысбек Жабиров итке калпак кийгизгендердин үстүнөн Генпрокурорго жана Ички иштер министрине арыз жазды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын 
Башкы прокурору И.Ы. Жолдубаевага,

Кыргыз Республикасынын 
Ички Иштер Министри У.Ж. Исраиловко,

Кайрылуу кат

Урматтуу Индира Ырысбаевна!
Урматтуу Улан Жумабекович!

Сиздерге кайрылуумдун себеби төмөнкүдөй;
Жалпыга маалым, 2017-жылдын 23-декабрь күнү социалдык интернет тармагында жарыяланган, итке кыргыз калпагын кийгизип, сахнада жүргөн сүрөт чон талкуу жаратууда.
Социалдык интернет тармагындагы колдонуучулар комментарийлеринде белгилегендей, бул итке кыргыз калпагын кийгизип чыккан сүрөт, жакын ортодо «Бишкек-Парк» соода үйүндө өткөн «мода көрсөтүү» иш-чарасынан тартылыптыр. (Итке кийгизген калпактын капталында «Кыргызстан» деген жазуу жүрөт)
Дүйнөдө башына ак калпак кийген бир гана кыргыз деген улут бар. Бекеринен «Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил, ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил» – деген ураан айтылбаса керек. Мамлекетибиздин баалулуктарынын катарында аздектелген, аталардан мурас калган, улуттук баш кийимибизди, кыргыздар итке кийдирмек турсун, өзүнөн төмөн жерге таштабаган. Алар ойлогондой бул мода дагы, искусство дагы эмес. Ар бир кыргыз үчүн, эли, жери, туусу, ак калпагы ыйык. Мен алардын итке кыргыз калпагын кийгизүүсүн, кыргыз элин шылдындоо, итке теңөө жана улутка болгон наадандык көз караш деп билем.
Андыктан, итке ак калпак кийгизип, чон сахнага алып чыккан адамдарды, мыйзам чегинде жоопко тартууңуздарды сурайм. Бул жолу, ушундай наадандыкка барган уюштуруучулар, элден кечирим суроо менен чектелбеши керек.
Анткени, мындан 2-3 жыл мурун ак калпакты жана ак калпак кийген кыргыздарды мазактаган сүрөт көргөзмө өтүп, алардын уюштуруучулары элден кечирим суроо менен кутулушканын көпчүлүк эл билет. Мындай көңүл иренжиткен көрүнүштөр кайталанбасы учун, башкаларга сабак болчу чечим кылуунарды өтүнөм.

Сиздерге терен ишеним билдирүү менен,

кинорежиссер Ырысбек Жабиров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: