2017-жылы өлкөбүздө чоң өзгөрүү болду. Бул президенттик шайлоо. Өткөөл мезгилдин президенти Роза Исаковна президенттикти Алмазбек Шаршеновичке өткөрүп бергенден кийин, Алмазбек Шаршенович Конституциялык өз мөөнөтүн толук кандуу иштеп, президенттик кызматты жаңы шайланган Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берди.
Бул деген мамлекетибиздеги стабилдүүлүктүн алгачкы кадамдары башталды десек болот. Кошуна мамлекеттерде көпчүлүгүндө шайлоочулардын катышуусу токсон пайыз, ал эми алган добушу токсон алты пайыз деп ишенүү өтө оор да. Ошондуктан бизде бул жолку президенттик шайлоо демократиялык негизде өтүп, күрөш өтө күчтүү болду. Ушундай таза шайлоо менен мамлекетибизде бийлик алмашып турса, Кудай буйруса өнүгүп-өсүү болот.
Булак: Жаны Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ