Menu

Эмилбек Каптагаев, экс-төңкөрүшчү: “Атамбаев аялына да, журналисттерге да, бүт дүйнөгө карандай калп айтып жатат”

Бөлүшүү:

“Алмаз Атамбаев 2010-жылдын 12-13-майындагы окуялар боюнча аялына да, журналисттерге да жана бүт дүйнөгө ачыктан-ачык, карандай калп айтып жатат”, – деп билдирди 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев 26-июлда “Сентябрь” телеканалына берген маегинде.

“24-июлда өткөн Атамбаевдин маалымат жыйынында ал “2010-жылы 13-майда кайда болгонум эсимде жок, бирок 12-майда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баары качып кетип, мен жалгыз өлкөдөгү бийликти сактап калгам” дейт. Эми калптын да түрү болот, кээ бир кишилер калпты жаңылып калып айтат, чала уккан маалыматтын негизинде айтып алышы мүмкүн, анан атайылап айткан калп болот, ал эми Атамбаевдин калпы атайын айтылган калп. “Мен 12-майда заводдон жумушчуларды топтоп баарып өлкөнү сактап калдым, мен болбосом бүгүн өлкө жок болмок ” дейт. Бул карандай калп!  Ошол маалымат жыйынында Атамбаев өзү бир журналистти “Калп айтпа! Сөздү бурмалаба!” деп кагып урушуп жатты. Анан “калпты аялга эле айтса болот башка кишиге айтса болбойт” деди. Ал эми өзү ошол эле жерде аялына эле эмес, журналисттерге эле эмес, бүткүл дүйнөгө каратып туруп калп айтып жатат. 12-май күнү Атамбаев жумушка келген жок. Анткени 11-май күнү биз  Убактылуу өкмөт эртеси 12-май күнү чоң митинг болот деп маалымат алып, аны талкуулаганбыз. Укук коргоо органдары “Түлеев 12-майда 25 миңдей киши чыгарат, бийликти басып алуу аракети болот, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн жок кылуу максатында кол салуу болушу мүмкүн” деп маалымат берген. Биз Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ушул маалыматтарды талкууладык. Эртеси эрте менен жумушка келдик, саат 10.00дө Тарых музейинде өтө турган 7-апрелде шейит кеткендердин  40 күндүгүнө арналган жыйынга Роза Исаковна менен бардык. Мен, Бекназаров жана башка прокуратура кызматкерлери барышкан. Ал жерде 2 сааттай кызуу талкуу болду: бизди каргап-шилегендер болду, кан төгүлгөн боюнча айыптагандар болду. Биз саат 12ден өткөндө чыктык, аянтта элдер чогулуп, митинг өтүп жатыптыр, биз автобустарга олтуруп, Ата-Бейитке барып куран окудук.  Андан чыгып “Дасмияга” келип куран окудук. Ошентип жүрүп Роза Исаковна экөөбүз саат үч жарымда (15.30.) жумушка келдик. Аянтта дагы эле митинг болуп жатыптыр, митинг саат төрттөрдөн (16.00.) кийин солгундап барып, төрт жарымда (16.30.) тарап кетти. Атамбаев болсо саат төрткө чейин эч жакка чыкпай өзүнүн “Форум” ишканасында олтурду, бир аз кишилерди топтоп. Анан саат төрттөн 15 мүнөт өткөндө (16.15.) “Форумунан” чыгып, кишилерин ээрчитип алып Горький көчөсү менен жөө басты, “Золотой дракон” ресторанына барып, бирдемелерди кыйкырып, ошол жакта жүрүшүп, алты жарымдарда (18.30.) аянтка келишти.  Алар келишкенде биз Роза Исаковна экөөбүз жумуштан эле алардын астына чыктык. Анан Атамбаев өзү алып келген кишилеринин астында бир аз кыска сөз сүйлөдү. Куловго каршы бирдемелерди айтты, Суваналиевге каршы бирдемелерди айтты. “Биз бийликти сактайбыз”, тиги-бу деген сөздөрүн айтты. Анан бирөөлөр куран окуду, эл тарап кетти. Ал жерде Атамбаев өлкөнү сактай турган курч кырдаал болгон жок. Атамбаев келгенде митинг таркап кетип, митингичилерден бир киши жок болучу. Эч кимди сактай турган эч нерсе жок болучу. Кечээ “ошондо заводдун элин чогултуп келип өлкөнү сактап калдым” дегени калп! Карандай калп!” – деди Каптагаев.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: