Menu

Жаңы шайланган жергиликтүү соттордун судьялары Жогорку сотто ант беришти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2016-жылдын 14-октябрында, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү сотторунун жаңы шайланган судьялары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын катышуусунда ант беришти. Бул тууралуу Жогорку Cоттун басма сөз кызматы билдирди.

Ант берүү аземин салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева ачып, жеке өзүнүн жана Жогорку соттун жалпы жамаатынын атынан кесиптештерин судьялык кызматка өткөндөрү менен куттуктап, ак дилден таза иштеп, адилет болууларын каалады!

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук сотунун судьялары болупДоулбеков Азат Азейинкулович жана Жумаков Жаныбек Темирбекович дайындалышты.

Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунун судьялары болупБердыбаев Бакбуркан Асанканович жана Киналиева Жыпаркуль Баизрахмановна дайындалышты.

Нарын облусунун Жумгал  райондук сотунун судьясы болупАйдыралиева Айсейил Абдыкадыровна дайындалды.

Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун судьясы болупСултаналиев Медел Керимжанович дайындалды.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун судьясы болупЖумаев Токтогул Темиркулович дайындалды.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунун судьясы болупНиязалиев Самар Анарбекович дайындалды.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотунун судьясы болупДюшембиева Майрамкүл Мукашовна жана Усупбекова Назира Токтомуратовна дайындалышты.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 12-октябрында «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Жаңы шайланган Нарын жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү сотторунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: