Кечээ, Биринчи Май райондук сотунда абактан мыйзамсыз бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча баштапкы сот иши каралып, ал ишке тийиштиги бар делинип жаткан мурдагы президент А. Атамбаев бул жолу да келбегендиктен бүгүнкү күнгө жылдырылды. Сот ЖАМКга Атамбаевди эртеңки сотко алып келүүнү камсыздоо тапшырмасын да берилгенин кошумчалады. Журналисттердин “Атамбаев күч менен алып келиниши мүмкүнбү?” деген суроосуна “андай норма жок” деп жооп берди соттун расмий өкүлү. Сот өкүлүнүн айтымында, Атамбаев эртең дагы келбесе, кийинки кадам кандай болорун аны сот чечээрин билдирди. Сыртта качып жүргөн саясатчыларды го түшүнөбүз, абалы жеңил болот, сыртынан соттоп коет. Кыргызстанда олтурган Атамбаевди алып баралбаса анда кандай болот?
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ