Menu

Lexus GX автоунаасын кубалап, милиция кызматкери ок чыгарды

Бөлүшүү:

Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди. 12-октябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жол кыймылынын коопсуздугу боюнча кызматкерлери “Бишкек-Нарын-Торугарт” жолунун 16 кмдан 49 кмге чейин Daewoo Nexia күзөт машинеси менен кызмат өтөшкөн (саат 15.00дөн 23:00гө чейин).

Кечки саат алты жарымдарда Канттын борборунан транзиттик каттоо номуру 6701 1а/HU болгон, ак түстөгү Lexus GX 470 автоунаанын айдоочусу рулда телефон менен сүйлөшүп баратканын байкап калышат. Жол эрежесинин 2.8 пунктту бузулганынан улам, токтоткону таягын көтөрүшөт.

Бирок айдоочу мыйзамдуу талапка баш ийбей, катуу ылдамдыкта жолун уланта берет да, укук сакчылар артынан кубалашат. Лексус Люксембург айылын көздөй жөнөп, Ваккер көчөсүнөн оңго бурулат, анан кайра негизги Совет көчөсүнө чыгат да, Ивановка айылын көздөй багыт алат. Жолдон кырсык чакырып, унааны да жөн айдабай, ойкутуп-кайкытып жөнөйт.

Милиция кызматкерлери бир нече ирет андан ашып, токтотууга аракет көрүшөт, бирок тигил баш ийбей кете берет. “КРнын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамдын 15-беренесине ылайык, күч менен токтотууга белсенип, табелдик курал менен дөңгөлөккө атмай болушат. Үн күчөткүч менен бир нече ирет айтып да көрүшөт. Лексус укпайт. Арга түгөнүп, курал колдонушат. Биринчи асманга атышат, анан дөңгөлөктү атышат. Лексустун эки арткы дөңгөлөгүнө тийип, айдоочу токтогонго мажбур болот. Бирок дале милиция кызматкерлерине баш ийбей, каршылык көрсөтүп, алардын куралын тартып алганга аракет кылат. Ошондо кайрадан курал колдонууга аргасыз болушуп, тигил эргул оң далысынан жаракат алган.

Айдоочуну кечки 19.20да Канттагы ооруканага жеткиришти. Lexus GX 470 автоунаасы 16-сентябрда бажынын кирүү каттоосунан өткөн, транзиттик номуру 6701 1а/HU Грузия өлкөсүнө тиешелүү, айдоочу 1991-жылы туулган М.У.Х. болуп чыкты. Бул унаа Кыргызстанда катталган эмес. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: