4-октябрь күнү социалдык тармактарда жана маалымат агенттиктерде таксист менен анын достору кардар катары жалдаган жүргүнчүнү бычак менен коркутуп, акча талап кылгандары, андан тышкары тергөөчү бул факты боюнча иликтебей туруп, кармалган жарандарды койо бергендиги маалымдалган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Ушуга байланыштуу, ИИМдин Басма сөз кызматы таралган маалыматты далилсиз деп эсептеп, бул кылмыш иши боюнча тажрыйбалуу тергөөчү алектенип жатканын билдирет. Адамды уурдоо жана акча талап кылуу фактысы болгон эмес, жолугушууга жабырлануучу өзү келген. Эгерде бейбаштыкка байланыштуу укукка жат келген иш-аракеттер байкала турган болсо, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо маселеси каралат. Азыркы учурда бул факты боюнча ар тараптуу иликтөө үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ