Menu

Жогорку Кеңеш өз ресурсун түгөтүп бүттүбү?

Бөлүшүү:

Жакында Кыргыз парламентинин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгы белгиленди. Бирок, саясий мааниси терең ал чоң иш-чара өзүнүн Констиутцияда жазылган статусуна ылайык белгиленбеди бейм? Ал тургай мааракенин башкы «тою» болгон «Ала-Арча» резиденциясындагы атайы 80 жылдыкка арналган илимий конференциясы да чала бышкан боткодой эле болуп калды. Башы жакшы эле башталгандай болгону менен, аягы «тополоңго» айланып кете жаздап, конференциянын модератору болжолдонгон убактысынан бир сааттай эрте жаап тынды. Парламентаризимди колдойм деген президент Жээнбеков да көз көрсөтүп, көпкө отурбай көздөн кайым болду. Ушул көрүнүштүн өзү эле учурдагы парламенттик корпустун кадыр-баркы таптакыр эле жок болуп баратканынан кабар берип койду. Түшүнгөн адамга бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш!
Аттиңдики!

… Калп эле жымсалдаганда не, ушу тапта Жогорку Кеңеш бийликтин бир бутагы эмес, «бизнес борборго» айланып кеткенин эшиктеги элдин дээрлик баары өкүнүү менен кеп кылууда. Бул факт! Деги эле парламенттеги мына ушул айтылган жана дагы көптөгөн терс көрүнүштөр эмненин кесепетинен келип чыгып жатат? Англис тили менен айтканда биринчиден Жогорку Кеңештин курамынын 90%ын «бизнесмен» аталгандар түзүп калганында, кыргызча «алып-сатар», «спекулянт» деп аталып… дагы да өткөн режимдердин тушунда элди итке миңгизген «сууга салса чөкпөгөндөр», кесиби юрист – деген диплому бар, мурдакы «паракор» судьялар, прокурорлор, баңги заттын «ишмерлери», дагы да карапайым эл эмес, ириде өздөрүнүн ооздору менен айтылып келген криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү түзүп калганында. Ал эми чыгармачыл, маданий, илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн 3-4ү гана жүрөт, арасында. Бирок,алар
жогоркудай «жоон топто» парламентке жакшы түс бере албайт да. Жогорку Кеңештин шору ушунда! Парламентаризимге умтулган Кыргыз мамлектинин катасы ушунда!

Адатта кыргыз «сенаторлору» тигил же бул жагдайларда АКШ менен Россияны мисал кылышып, ушул эки өлкөнү эталон кылганды жакшы көрүшөт. Андай болсо биз дагы Россиянын МамДумасынын курамын эталон катары алып, ага сереп салып көрбөйлүбү? Андагы фракцияларды улуулап айтсак МамДумадагы КПРФ фракция башчысы Геннадий Зюганов кумар ойногондон рахат алган биздеги айрым «коммунист» терисин жамынгандардан терең айырмаланып сөөгүнө чейин социалчыл адам. Илимий интеллигенциянын нагыз өкүлү, философия илимдеринин доктору, профессор. Андан тышкары аталган фракциянын жарымынан көбү да илимий теореяларды мыйзам чыгарууда эффективдүү айкалыштыра билгендер. Баса, дагы бир мисал, сиздин чөнтөгүңүздөгү уюлдук телефон менен үйүңүздөгү же автоунааңыздагы компакт диск деп аталган буюмду ойлоп чыгарган улуу физик, Нобель сыйлыгынын лауреаты Жорс Алферовдун депутат болуп отурушу эле эмнеге татыйт. Ал эми вице-спикер Ирина Ярова дегени накта юрист, накта ярый депутат экени көрүнүп эле турбайбы. Маанилүү делген кайсы гана мыйзам долбоору болбосун андагы калпыс көрүнүштөрдү камырдан кыл суургандай эле сууруп келгенин көрүп жүрөбүз. Советтик жана Россиялык юрист А. Макаров, жаратылышты «коен жатагына» чейин билген окмуштуу, илимдин доктору,
СССРдин жана Россиянын эки жолку баатыры Артур Чилингаров, «Россиянын эмгек сиңирген врачы» Николай Герасименко, Валерий Елыкомов, Александр Фокин сыяктуу саламаттыкты сактоонун салмактуу өкүлдөрү олтурат. Ошондой эле МамДумада мамлекеттин келечеги болгон билим берүү системасын, педогогиканын ой-чуңкуруна чейин билген канчалаган бүгүнкү күндүн «макаренколору» олтурат. Коргоо тармагын мыкты билген офицер, генерал-лейтенант В. Чайка, дүйнөдөгү биринчи космонавт аял
Валентина Терешкова, аялдардан чыккан дагы да бир космонавт Светлана Савицкаячы … Булар чынында орус элинин чыныгы элитасы, акыл-эси жана намысы. Ал тургай Россиянын бийлик ээлери Путин менен Медведев В. Терешкова менен Ж. Алферовду көргөндө сүрдөп турушат дешет. Себеби, бул эки улуу инсандын эл ичиндеги даражасы, кадыры президент менен премьер-министрдикинен ашса ашат, бирок кем калбайт дешет. Кесиби геофизик, илимдин доктору, «Справедливая Россия» фракциясынын лидери Сергей Миронов болсо саясатагы карьерасын нөлдөн баштап мамлекеттик башкаруунун көп тепкичтерин басып өткөн нагыз эл өкүлү деген даражага татый турган инсан. ЛДПР фракциясынын лидери Владимир Жириновский да юридикалык илимдеринин доктору, профессор. Жириновскийдин көптөгөн жоруктары кээде канчалык терс көрүнбөсүн, бир эле МамДумада гана эмес, жалпы Россия боюнча америкалык «милитаризмди», НАТО
согуш блогун ачыктан ачык айыптап келе жаткан бирден-бир рупор депутат. Негизинен, МамДумада интеллектуалдык потенциалы эбегейсиз инсандар арбын. Россия парламентинде бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү деле бар, бирок алар «алып-сатарлар» эмес, экономиканы, бизнести, өндүрүштү жаңы технология менен иштетүүгө жетише алышкандар. Ошондой эле мыйзам чыгаруу бийлигинин бутагында «Чечен согушу» деп аталган кандуу окуяларга катышкан Игорь Баринов, Дмитрий Коньков сыяктуу чыныгы
мекенчилдер да жүрүшөт.

А биздин бүгүнкү парламентте улуттук деңгээлдеги ушундай адамдар барбы? Албетте жок. Болсо да алардын саны он манжага толоору арсар. Ушундайда аргасыздан суроо жаралат, чындап өлкөбүздүн ар тараптан өнүгүп өсүүсүн каалашса эмне үчүн анда биздин саясий элита делген «ум, честь, совесттер» Улуттук акыл-эсти, сыймыкты, чыныгы эрдиктин үлгүсүн бийликке пайдаланыштан качат? Бул суроонун жообун деле айта
алабыз, анткени бизде, кыргыздарда, азыр «акыл баалуулук эмес, акча баалуу» деген көз караш орун алып калган. Мындай болуп калганын карапайым адамдар эмес, ошо саясий элита дегендерибиз өздөрү ачыктан ачык эле айтып жатышат. Элден эч тартынып, уялышпай эле. «Акчаң болсо сен ким болсоң да депутатсың, акчаң жок болсо акактай тунук болсоң да ага жетпейсиң» дешип. Бул эмне деген логика? Эмне деген жорук?
Албетте, акча жакшы дечи, бирок мындай түшүнүк менен саясат кылуу мамлекеттин эртеңки келечегинин тазалыгы үчүн коркунучтуу. Эгер ушундай түшүнүк менен жашай турган болсок, акыры барып Кыргыз мамлекетине чоң трагедияны жаратат! Муну менен «парламенттик системаны куруп атабыз» деген биз болгону бүгүнкү Кыргыз парламентинин корпусун орус элинин парламенти менен салыштырууда ушундай терең айырмачылыктар бар экенин үшкүрүнүү менен айтып жатканыбыз. Дүйнө дайым салыштырмалуу. Бул биздин жеке пикир эмес, илимий жактан далилденген теориянын жыйындысы. Муну менен биз бир жерде тапталып отура бербей кыргыз эли башкалардан, прогрессивдүү элдерден үлгү алып, жаңыча ой менен жаңыча кадам ташташыбыз учурдун башкы талабы болуп турат деген ойду айткыбыз келгендегибиз. Анан калса Жогорку Кеңеш деген жалпы элдин үнүн айта турган эң бийик трибуна эмеспи! Бүгүнкү статусу
менен айтканда да тазалыктын тазалыгы ошол жерде болуш керек болчу, үлгүнүн үлгүсү ошол жерде болуш керек болчу…

Эгер бийликтеги кайсы бир топ же кландар эмес, жалпы эл мамлекеттин чындап өнүгүүсүнө шарт түзөт деген парламенттик башкарууга бел байлаганыбыз анык болсо, анда ал жакка таза, билимдүү, акыл-эстүү адамдар аралашканда гана тунукталат, иш алга жылат, өлкөбүздүн өнүгүп-өсүүсүнө, саясий маданияттын терең калыптанышына чоң өбөлгө болот. «Алып сатарлыктан», «коррупциядан», «баңги заттан» келген адамдар эч качан мамлекетти алга сүрөгөнгө ниет кылбайт жана ага кудуреттери да жетпейт. Элдин дээрлик калың катмарынын пикири да ушундай экенинде күмөнүбүз жок. Ошондуктан азыркыдай парламенттин келечеги, элге болгон пайдасы да дээрик жокко эсе десек да болот. Бийликтин бул бутагынын ушу таптагы ресурсу менен кара кылды как жарган акыйкат иштер жасалаарына да ачыктап айтканда ишеним чындап эле жокко эсе.

Автор: Болот Кожогелдиев

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: