Бүгүн, 18-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы сот ишин кароо улантылып жатат. Отурум судья Мирлан Термечиковдун төрагалыгы астында өтүп жатат.
Прокурорлор Кой-Таш айылындагы жерди мыйзамсыз ээ болуу жана мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш ишин бириктирүүнү суранышты.
Коргоо тарабы Атамбаевдин өзүнө окшоп каршы чыгышты.
“Мен Шадиевдин эсептеринде акча сактагандай ушунчалык эле акылсызмынбы?” – деп Атамбаев мыйзамсыз баюу иши боюнча айыптоолорго комментарий берди.
“Бул ишти ойлоп чыгаргандар отурушсун. Алар (прокурорлор) генпрокурор Зулушев жана Башкы прокурордун биринчи орун басары Нуркамал Набиев тарабынан кысымга алынып, бул жерде отурууга аргасыз болуп жатышат. Кыздарды (мамлекеттик прокурорлор) аяйм” – деди Атамбаев.
Атамбаевди анын жактоочулар Сергей Слесарев менен Замир Жоошев колдоду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ