Ыйык Курман айт күнү өлкөбүздүн маалымат айдыңында дагы бир чоң жаңылык болду. Анткени КТРКнын алдындагы күн сайын кечинде жарым саат жаңылыктарды көрсөткөн “Ала-Тоо” программасы “Ала-Тоо 24” деп аталып, мындан ары сутка боюу иштей баштайт экен.
Бул үлкөн иш-чаранын ачылышына вице-премьер-министр Г.Кудайбердиева, президенттин аппарат башчысы Ф.Ниязов, парламенттин аппарат башчысы А.Кутушевдер катышып, куттуктап сөз сүйлөштү жана акчалай салым кошушту. Башкы директор И. Карыпбековдун айтуусунда, аталган каналдын ачылышына 30 млн. сом жумшалыптыр. Ал эми жалаң кырмызы кызыл түскө боёлгон жасалгаларга кошумча өздөрү да кыпкызыл кийинген тележурналист кесиптештерибиз жаңы төрөлгөн баладай кубанып жүрүштү. Бирок “туулганына эмес, турганына сүйүн” демекчи, жалаң бийлик менен байлардын сөзүн сүйлөгөн, оппозиция менен карапайым элди сайга сүйрөгөн “кара жащик” күнү-түнү тынбай эми эмнени айтып, эмнени көрсөтөт болду экен? Эгер чыныгы коомдогу көйгөйлүү маселелерди чагылдырса, анда жакшы, кокус баягы эле эски адатына салып, бийликти аппак, оппозицияны капкара кылып көрсөтсө, анда элдин эсебинен жумшалган мынча каражат менен журналисттердин кайран эмгеги текке кеткени…
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ