– Узап бара жаткан жыл абдан жакшы башталган. Чыгармачылык менен иштейин деп ыр жаздырып, клип тарттырайын деп көңүлдүү эле жүргөм. Жашоодо жакшылыкты жамандык коштоп жүрөт экен да, ошол жакшы күндөрдүн бир күнүндө эле курбум ырчы Элмира Кайып кызы каза болуп калды. Ага ичим ачышып, көзүмдүн жашы тыйыла электе эле, артынан дагы бир жакын курбум Гүлбү Ороскул кызы каза тапты.
Айтор, быйылкы жыл мен үчүн өтө оор жыл болду. Бул жылдын каардуулугу мага жаккан жок, жүрөктү абдан оорутту. Адам деген бир эле көз ирмемде кете берет турбайбызбы, өлүмдүн бизге жакын экенине көзүм жетти. Эртеңки күнү эмне болсо мен даяр элемин, жашоодо конок сыяктуу жашайт экенбиз.
Жалпысынан айтканда, быйылкы жыл өлүмдүн көп болгону менен эсимде калды.
Булак: “lady.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ