Menu

Өмүрбек Текебаев: “Ата-Мекен” фракциясы башкаруучу коалициядан чыкпайт, эгер жакпаса коалициядан СДПК чыгып кетсин!”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев КСДПнын лидери Иса Өмүркуловдун “Ата-Мекен” жана “Өнүгүү” фракцияларына башкаруучу коалициядан чыгып кетүү боюнча айткан сунушуна каяша кылып “”Ата-Мекен” фракциясы башкаруучу коалициядан чыкпайт, эгер жакпаса коалициядан СДПК чыгып кетсин!”деп билдирди.

“Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы:

“Менин бүгүнкү сөзүм, менин 1-сентябрдагы сөзүмдүн уландысы болуп кала турган болду. Мен  1-сентябрда айткам: “Бардык бийлик Жогорку Кеңеште”. Биз Өкмөттү түзөбүз, Өкмөттүн программасын  аныктап беребиз, анын ишин көзөмөлдөйбүз. Биз, башка жакка элеңдеп карабайлык! Эл алдында уят болобуз, туура эмес жолго барабыз. Конституцияда бизге так ошондой милдет жүктөлгөн! Эгерде бир партия утуп келген болсо, анда бир партиялуу Өкмөт болмок. Элибизде ынтымак ушундай экен, бөлүнүп-бөлүнүп, 6 партия жөнөттү.  Биз сүйлөшүп, кеңешип, коалиция туздүк. Коалицияда кайсы максаттардын негизинде бириккенибизди айтып, коалициялык келишимге кол койдук. Коалициялык келишимди “Ата-Мекен” партиясы бекем кармап иштеп келе жатабыз. Ошон үчүн, акыркы 5 жылда төрт жолу Коалиция ураса дагы, төрт жолу биз мүчө болуп киребиз. Анткени, биздин коалициялык келишимге биздин бекем экенибизди бардык пратиялар билет! Болбосо, кирбей койот элек да! Эми, Иса Шейшенкулович, мына Өмүрбек Токтогулович, чоң үмүт менен мени карап турат (күлүп). Бирок, туура айтып отурат. Мен да Коалиция барбы же жокпу деп суроо бергим келет! Анткени, өлкөнүн тагдыр чечкен маселеси коалицияда чечилиши керек! Өткөн чакырылышта, Чыныбай Акунович жалган айттыртпайт, Феликс Шаршенбаевич Өкмөттү чакырат эле, көп маселелерди биз Жогорку Кеңеште чечет элек, бул чакырылышта, урматтуу депутаттар мен бир секретти айтып коёюн, Өкмөт Жогорку Кеңеш менен эсептешпейт, Коалиция менен эсептешпейт! Дагы бир секретти ачайын, бизде Коалиция барбы деп суроо берип жатасыңар, эмне үчүн кеңешпейсиңер деп. Коалициянын төрагасы жок! 4 айдан бери . Коалициянын төрагасын шайлай албайбыз! Адатта. Коалициянын төрагасы Чыныбай Акунович болгон. Анча-мынча жолугат элек, төргаа шайлабагандан бери бизде Коалициянын төрагасы жок, биз жолукпайбыз, биз сүйлөшпөйбүз! Кызматташкандын ордуна массалык-маалымат каражаттарынан же болбосо чоң тойлордо бири-бирибизди кекетип, акаарат айтып сүйлөйбүз! Ошонун кесепети ылдый жакта турган чиновниктерге дагы тийип жатат! Мына кечээ Айт күнү Оштун мэри эмне деди? “Атамбаевди сындагандар оңбой калсын, Кудай жазаласын деп каргады го! Бири-бирибизди каргай турган күнбү?! Бул ынтымакка, кечиримдүүлүккө, ынтымакка чакырган күн го! Кыргыздар айткандай, “атаңды өлтүргөнгө, энеңди бер”-дей турган күн го! Бизде ушундай конфронтацияны, жек көрүүнү, адамды тоотпогондуктун идеологиясы мамлекеттик иш-чараларда тарап жатат го! Бүгүн Парламент өз милдетин аткарып, Өкмөт өз милдетин аткарып атабы?! Жок! Мына, премьер-министр, Сооронбай Жээнбеов, Айт күнү чыгып, Президенттин куттуктоосун үтүр-чекитине чейин  окуп берип, аягында Алмаз Атамбаев деп койду! Атамбаев куттуктасын! Телевизордон куттуктасын! Гезиттерден куттуктасын! Өзүнүн атынан сүйлөш керек да! Ал эмне, президенттин секретары болуп калдыбы?! Фарид Ниязов барып айтсын!, эгер ошол жерде ушундай эле айткысы келсе! Ушунун өзү, бийликтин орду башка жакка, дареги башка жакка көчкөндүгүн, биздин психологиябыз, көз-карашыбыздын башка жакка көчкөндүгүнүн далили! Иса Шейшенкулович бул жерден эл менен кеңешейин деп 15 мүнөт танапис сурайын дегенде, мени менен эмес, Икрам менен кеңешет болуш керек деп ойлодум мен, чын айтам! Эми,  Иса Шейшенкулович, мына Сизге, сүйлөймүн деп даярданып турган Мээрбек Мискенбаевге жана башкаларга, жакшылап Коалициянын келишмин окугула! Ал жерде Атамбаевди сөзсүз колдоп беребиз деген жер жок, ал  жерде Конституциялык реформаны колдобосоң, Конститиуцияны өзгөртөбүз деген жер жок.  Эгерде кимдир бирөө өзгөртөбүз десе, ал фракциянын жеке ою! Ошон үчүн, мына, Бабанов менен чоогу өзгөртөбуз деп жүрөсүңөр. Оппозиция, бул жерде Коалиция жок! Бул маселе коалициялык келишимдин предмети эмес! Мына Иса шаршенкулович, сиз лидер болуп 4 айдан бери шайлана албай жатасыз. Пртендент Өмүркулов төрт айдан бери, төрт киши башыбыз биригип шайлабайбыз. Эми шайлана турган адам, ушул жерден чыгып алып туруп, “Кет!” деп айтабы?! Шайлана турган адам, негизги партнерлорунун бири мобу жерге чыгып сүйлөйүн деп турса, танапис деп жарыялап, аны мыш кылабы?! Бири-бирибизди урматтоо, сыйлоо болуш керек да. Эгерде, бирөөнүн тапшырмасын аткарып, “Ата-Мекен чыккыла!” дей турган болсоңор, мен кеңеш берет элем: Биз чыкпайбыз! Биз коалициялык келишимди так аткарып жатабыз! Эгерде кимдир бирөө чыккысы келсе, Иса Шаршенкулович, азыр танапис жарыялап салыңыз дагы, фракцияны жыйнаныз! Мындай Коалиция кереги жок десе, СДПК фракциясы коалициядан чыгып кетсин! Мына менин сунушум. Чыр-чатагы жок. Жыйналгыла! Жакпайт, коалициянын бул, бул пункттары бузулуп жатат, бузган мобул, мобул, мобу деп бузган конкретно күнөөлүүлөрдү көргөзгүлө дагы, чыгып кеткиле! Эл азамат экен дейт! Менин сунушум ошол! Рахмат!”

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: