Menu

“Шоопурдун” түбүнө самосвалдар жеттиби?

Бөлүшүү:

Президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Икрамжан Илмияновдун камалышынын эң чон сыры «Кандай себептер менен?» деген суроодо болгон. Анын камалышына эч ким деле таң калган жок. Эртели-кеч УКМКнын СИЗОсунун камераларынын бирине Илмияновдун кириши ансыз деле түшүнүктүү болгон. Бирок мурдагы атамбаевдик шопурдун артынан эң эле узун чыр-чатактуу имиштердин куйругу чубалжып келе жатат. Эл арасында ага карата ар кандай иштер боюнча сөз ээрчип, акыр аягында бул имиштер кылмыш иштеринде тастыкталышы керек эле. Бирок азыр болсо айдоочунун куйругу кайсы иш боюнча басылды? Анын кылмыш ишинин чоо-жайын чекисттер аягына чейин сыр боюнча сакташты.

Аны ачыкка чыгарган Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын өзү болду. КСДПдагылар өздөрүнүн УКМК менен болгон кызматтык кат алышуусун прессага чыгарып, кандай максатты көздөгөндөрү түшүнүксүз. Же өзүнөн шектенүүнү алып салып, Илмиянов менен байланышты үзгүсү келишкенби, же азыркы президентке көлөкө түшүргүсү келишкенби, анткени белгилүү болгондой, учурда анын мурдагы президент менен мамилеси анча эмес…

Партиялаштар эмнени каалаганын бир кудай билет. Бирок бул каттарды ачыкка чыгаруу менен (балким, өздөрү каалабаса да) Илмияновдун кылмыш иши тууралуу баарын болбосо дагы, көп нерсени ачыктап коюшту. Болгону эки кат – ал эми анда канчалаган маалымат бар! Эгерде тереңирээк караганды билсек.

Биринчи катты алалы. Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында – Москванын Шереметьево аэропортунда кармалган Илмияновго кишен салып, Бишкекке чекисттер алып келгени 4 күндөн кийин УКМКнын өзгөчө маанилүү иштери боюнча тергөөчүсү Э.Майлыбеков КСДПнын штаб-квартирасына Икрамжан Илмияновго тиешелүү суроо-талап жөнөткөн.

Тергөөчү партиялык штабга УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгында Кылмыш кодексинин 8 беренеси боюнча козголгон кылмыш иши бардыгын билдирген. Бул иш боюнча тергөөнүн жүрүшүндө 2017-жылдын 8-августунда Икрамжан Илмиянов катта көрсөтүлгөндөй «сыйлык жана демөөрчүлүк жардам катары» 150 миң доллар алганы боюнча маалыматтар келип түшкөн.

УКМКнын тергөөчүсү санап өткөн бир катар беренелерге жана «демөөрчүлүк жардамга» дагы кайрылабыз. Азырынча – сыйлык тууралуу сөз кылалы.

УКМКнын тергөөчүсү жазгандай сыйлыкты Илмиянов «Дизелькомплект» ЖЧКсынан алган. Бул компания менен жакындан таанышалы.

Бул чет элдик катышуусу бар компания. «Бишкек» эркин экономикалык аймакта катталган. Негиздөөчүсү Грант Оганянц деген адам. Директор- Николай Грамович. Юстиция министрлигиндеги аткарган иши даана көрсөтүлгөн эмес:«Дүңүнөн соода кылуу».

«Дизель комплект» компаниясынын сайтына кирсек, ал карьердик самосвалдар, жол куруучу техника, кыймылдаткычтар, тетиктер, трактордун дөңгөлөктөрү жана башка жабдыктарды сатуу менен алектенгенин билсе болот. Белорустук «БелАз» жана «МАЗ» компанияларынын жана ошондой эле «Группа ГАЗ – күч агрегаттары» ярославдык компаниянын расмий диллери болуп саналат. Өзбекстанда жана Түштүк Африка Республикасында өз тейлөөчү борборлоруна ээ.

Жогоруда айтылган Грант Оганянц деген жаран «Бишкек» СЭЗинде катталган дагы бир компаниянын негиздөөчүсү – «Автотрейд» ЖЧКсы. Ал автомобилдик тетиктер, түйүндөр жана жабдыктарды дүңүнөн сатуу менен алектенет.

Бул компаниялар Кыргызстандын маалыматтык айдыңында кандайдыр бир из калтырышканбы? Калтырышкан. Ызы-чуулуу из.

Бул эки компания тең, мисалы, КР Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердигин 2015-жылы текшерген Эсеп палатасынын актында көрсөтүлгөн. Тагыраак айтканда, бажычылардын республикалык бюджетти кантип толтурушунда. Башка объектилер менен бирге аудиторлордун көңүл оорборуна «Бишкек» эркин экономикалык аймагы дагы түшкөн. Эскерте кетсек, СЭЗ инвесторлор салык жана бажы жеңилдиктерин пайдаланып, анын аймагында Кыргызстанга пайдалуу өндүрүштү өнүктүрүү үчүн түзүлгөн.

Иш жүзүндө болсо, СЭЗде катталган айрым компаниялар өндүрүш эмес, товарларды кайрадан экспорттоо менен алек болушкан. Мисалы, «Дизель комплект» компаниясы Кыргызстанга ар кандай тоо техникасын жана анын тетиктерин ташып келип, андан ары Өзбекстанга жөнөтчү. Эсеп палатасынын актында көрсөтүлгөндөй, 2014-жылдын ичинде компания Кыргызстанга «БелАз» самосвалдарын жана башка жабдыктарды 15 млн долларга ташып келген. Андан соң өзбекстандык тоо-кен комбинаттарына кымбатыраак кайрадан экспорттоп, 6 млн 600 доллар акча табышкан. Мында Кыргызстанга бажы пошлинасы төлөнгөн эмес.

Дал ушундай схема менен Оганянцтын «Автотрейд» деген компаниясы дагы акча тапкан. 2014-жылы ал СЭЗге 11 млн 765 мин долларга унаа дөңгөлөктөрүн ташып келип, Өзбекстандын тоо кен комбинаттарына 20 млн долларга саткан. Кирешеси 8 млн 190 мин долларды түзгөн. Кайрадан эле пошлина төлөнгөн эмес.

2015-жылы Эсеп палатасынын актысында белгиленген бул эки окуя андан ары улантылган жок: укук коргоо органдары бул эки компанияга кандайдыр бир айып тага алган эмес окшойт. Же таккысы келбеди… Андан аркы окуядар тумандуу. Кандайдыр бир ачыктык 2017-жылдын жай айларында гана пайда боло баштады.

2017-жылдын июнь айынын ортосунда Бишкектин четиндеги «Аламедин» темир жол станциясында Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери «БелАз» самосвалдарын ташып келаткан бир эшелонду кармашкан. Финполчулар журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартышкан. Болгону салык төлөбөгөндүгү үчүн кылмыш иши козголуп, жүктүн баары камалганы белгилүү болгон. Жана Кыргызстанга ташышты, же өлкөдөн чыгарып кетип бараткан компаниянын аталышында «дизель» деген сөз бар экени ачыкталган.

Бул «Дизель комплект» компаниясы гана болушу мүмкүн, биздин редакциянын маалыматына ылайык, дал ошол самосвалдар менен кармалган.

Финансы министрлигинин «Ачык бюджет» интернет-порталында из калтырган дагы бир кызыктуу факт. 2017-жылдын 7-августунда «Дизель комплект» компаниясы бюджетке 17 млн сомго жакын төлөгөн – импорт жана Кыргызстанга товар ташып келүүнүн салыгын. Мурда бир да жолу салык төлөгөн эмес. Бул компания абдан аз салык төлөгөнүн эстесек, кандайча мынчалык берешен болуп кеткенине таң каласың!

Эми УКМКнын тергөөчүсүнүн КСДПга жазган катын эстейли: мындай берешендиктин эртеси күнү – 2017-жылдын 8-августунда «Дизель комплект» Икрам Илмияновго 150 миң долларды сыйлык катары өткөрүп берген.

Кандай эмгеги үчүн сыйлык? «Дизель комплект» компаниясына мындан ары тийишпеш үчүнбү? Чындап эле финполиция бир аз убакыттан кийин салыктарды төлөбөгөндүк боюнча кылмыш ишин токтоткон. Компания мамлекет менен эсептешти деген шылтоо менен окшойт.

А бирок, биздин маалыматыбызга ылайык, бул компания абдан берешен болуп төлөп берген 17 млн сом -көз боемочулук. Анткени чынында келтирилген зыян 10 эсе көп болгон. Айрым фальсификациялар дагы орун алган.

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: