Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетти. Бул тууралуу маалыматты муниципалдык администрация журналисттерге тастыктады.
Отставка тууралуу Азиз Суракматов бүгүн маалымат жыйынында расмий жарыялоону көздөөдө.
Белгилей кетсек, бүгүн экс-мэр Нариман Түлеев вице-мэр болуп дайындалды. Муниципалитет ал Суракматовдун ордуна келиши мүмкүн экендигин жокко чыгарбайт.
Эскерте кетсек, буга чейин Азиз Суракматов Бишкек шаарындагы башаламандыктан кийин, 6-октябрда кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып кеткен. Бирок, 8-октябрда ал аралыктан иштегенин белгилеп, жумуш ордуна кайтып келген.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ