Menu

Фото – УКМК: КР Соцфондунун кызматкери кармалды

Бөлүшүү:

КР УКМК Коррупцияга каршы кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш чараларынын жүрүшүндө 2019-жылдын 2-май күнү Социалдык фонддун Бишкек шаардык Свердлов райондук бөлүмүнүн башкы
адиси К.А. 12 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарын алып жаткан жеринен кармалды.

Такталган боюнча, арыз жазган адам 2016-жылы чет өлкөгө кеткендигине байланыштуу ишкерлигин башка бирөөнө саткан. Бирок, 2018-жылы декларация толтуруп жаткан учурда, ал жеке ишкер катары каттоодо тургандыгы жана ал документтерди жабуу керектиги аныкталган. Ишкер салык органдарына жана КР Социалдык фондуна айыптарын төлөгөн соң, тиешелүү арызы менен кайрылган.

Ага карабастан кармалган К.А. арыз ээсинен жеке ишкер катары карыздарын жок кылуу үчүн ири өлчөмдө акча каражатын талап кылган. Пара талап кылуу фактысы боюнча материалдар КР Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүндө каралаган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам КР УКМК ТКЖ убактылуу кармоочу жайына камалды.

Тергөө жүрүп жатат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: