Menu

Түркмөнстандын чет өлкөлөрдөгү жарандары мөөнөтүнөн мурда добуш бере баштады

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын чет өлкөлөрдө жашап жүргөн жарандары үчүн президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды.

Буга чейин Түркмөнстандын Орусиядагы элчиси Батыр Ниязлиев 2-11-февраль аралыгында өлкөнүн чет жактардагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө мөөнөтүнөн мурда добуш берүү уюштурулуп жаткандыгын айткан. “Жалпысынан 2579 шайлоо тилкеси ачылат, анын 39у өлкө сыртындагы Түркмөнстандын дипөкүлчүлүктөрүнүн алдында болот”, – деп билдирген ал.

2017-жылдын 12-февралына белгиленген Түркмөнстандагы президенттик шайлоодо 9 талапкер ат салышууда. Шайлоого 3223 улуттук байкоочу көз салат. Андан сырткары КМШ, ШКУ, ЕККУ уюмдарынан эл аралык байкоочулар да чакырылган.

Түркмөнстандын өткөн жылдын сентябрында бекитилген жаңы Конституциясына ылайык, өлкө президенти жети жылдык мөөнөткө шайланат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: