Депутат Бакыт Төрөбаев парламенттин комитетинин жыйынында 2017-жылы мамлекеттик сыйлыктардын деңгээли түшүп кеткенин белгиледи.
«Учурунда Абсамат Масалиев экинчи даражадагы «Манас» орденин алган. Ал өмүрүн өлкөнүн өнүгүшүнө арнаган. Мен акыркы учурларда берилген мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө эмес, былтыр тапшырылган сыйлыктар жөнүндө айтып жатам. Экинчи даражадагы «Манас» орденин алган адамдар Абсамат Масалиев менен бир деңгээлде эмес. Алар өлкөнүн өнүгүшү үчүн эч нерсе жасаган жок. Бүт баары ушак таратуу, кимдир бирөөнү айыптоо жана интрига менен алек». Эске салсак, 2017-жылы экинчи даражадагы «Манас» ордени менен гандбол боюнча олимпиада чемпиону Талант Дүйшөбаев, президенттин коомдук бапггалыштагы кеңешчиси Фарид Ниязов, белгилүү дарыгер, ортопед Сабырбек Жумабеков жана Кыргыз мамлекетинин Эл мугалими Мукаш Базаркулов сыйланган.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ